БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ИШИН УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУУ ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК ЧЫГАРДЫ

  • 19.03.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын аймагындада коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу боюнча Республикалык  Штабдын 2020-жылдын 18-мартындагы  чечимин аткаруу максатында, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектепке чейинки билим берүү тармагындагы уюмдардын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, 2020-жылдын 20-мартынан 8-апрелине чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдарды эрте өнүктүрүү борборлорунун ишмердүүлүгү  токтотулат.

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары бул буйрукту менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, эрте өнүктүрүү борборлорунун  жетекчилерине жеткирүүгө милдеттендирилди.

Ошондой эле бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, эрте өнүктүрүү борборлорунун жетекчилери буйрукту тиешелүү уюмдардын жетекчилерине жана ата-энелерге жеткирүү жана билим берүү уюмунун имараттарында эки күндүн ичинде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү талабы коюлду.

Эмгек кодексинин 172-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, республикалык бюджеттен каржыланган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер