БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БЕЛГИЯДА ӨТКӨН КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

  • 26.11.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров Белгиянын Брюссель шаарында өткөн «Билим берүү аркылуу туруктуу келечекке» деп аталган борборазиялык конференцияга катышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БЕЛГИЯДА ӨТКӨН КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

Иш чарада Европа биримдиги жана Борбор Азия мамлекеттеринин жогорку деңгээлдеги эскперттери билим берүү, инновация жана жумушка орноштуруунун өз ара байланыштарын талкуулашты. Конференция Европа биримдиги кабыл алган жаңы стратегияны колдоо үчүн иш-аракеттер менен программаларды бириктирүүгө багытталды.

Жаштарга, билим берүүгө жана инновацияга салым кошуу Европа биримдигинин Борбор Азия үчүн багтталган жаңы стратегиясынын негизги приоритети болуп саналат. Себеби, Борбор Азия мамлекеттеринин калкынын дээрлик тең жарымы 30 жашка чейинкилер жана бир миллиондой жаштар жыл сайын эмгек базарына чыгат.

Мындай шартта кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана аларды улуттук, аймактык деңгээлде окутуу, жумушка орноштурууда суроо-талап күч болгон адистердин жөндөм менен квалификацясын жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров өз сөзүндө Европа биримдиги Борбор Азия аймагын “Эразмус+”, “Борборазиялык билим берүү платформасы” сыяктуу эффективдүү программалар аркылуу колдоп келе жатканын белгилеп, эмгек базары талап кылган ишке орношуу  үчүн маанилүү болгон тажрыйбаларды өнүктүрүүгө багытталган жогорку жана кесиптик-техникалык билим берүүгө басым жасаганына токтолду.

Конференция аймактагы жаштарды жана билим берүүнү колдоого алган Европа биримдигинин ролун баалоого жана региондогу кызматташууну өнүктүрүү жолдорун табууга жардам бере алды. Мындан аркы кызматташуунун негизги багыты катарында: ЖОЖдордо илимди өнүктүрүү, улуттук квалификация системасы тармагында кызматташууну өнүктүрүү, Европа биримдиги өлкөлөрүндөгү эксперттердин катышуусу менен Phd даражасын коргоо, креативдүү индустрия үчүн кадрларды даярдоо жана Борбор Азияда Европа университетин түзүү сунушталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер