БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЖУМГАЛ РАЙОНУНУН ЭҢ КӨЙГӨЙЛҮҮ МЕКТЕПТЕРИНЕ БАРДЫ

  • 12.06.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Нарын облусуна болгон иш сапарын алыскы Жумгал районунан баштады. 9-июнда ал Жумгал районундагы эң көйгөйлүү делген билим берүү уюмдарына барып, жылдар бою чечилбей келе жаткан маселелер менен жеринен таанышты. Алгач райондун Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык Акыев атындагы орто мектептин астанасын аттаган министр эски мектептин абалы, жаңы имараттын курулуш иштеринин жүрүшү жана ага байланыштуу маселелер боюнча маалымат алды.

 

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЖУМГАЛ РАЙОНУНУН ЭҢ КӨЙГӨЙЛҮҮ МЕКТЕПТЕРИНЕ БАРДЫМектеп жетекчилигинин айтымында, эски мектеп ашар жолу менен курулган корпустардан турат. Алгачкысы 1936-1938-жылдары саман кыштан тургузулган, ушул кезге чейин бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес, калган үч корпус авариялык абалда. Ушуга байланыштуу 2014-жылы жаңы имарат салууга конкурс (тендер) жарыяланып, жыйынтыгында «ЗиАР» курулуш компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бүгүнкү күнгө чейин аталган компанияга республикалык бюджеттен 17 млн сом гана бөлүнгөн, бул каражатка 225 орундуу эки кабаттуу имараттын дубалы тургузулган. Калган каражатты бөлүү кечеңдеп жатканына байланыштуу курулуш иштери да токтоп калган.

Мектеп мугалимдеринин жана курулуш компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, быйылкы сезондо, жок дегенде, жаңы имараттын чатыры жабылып калса, буга чейинки мээнет талаага кетпес эле, имаратты жаан-чачындан сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЖУМГАЛ РАЙОНУНУН ЭҢ КӨЙГӨЙЛҮҮ МЕКТЕПТЕРИНЕ БАРДЫ

Дал ушундай эле көрүнүш Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектебинде да бар. Аталган мектептин окуу корпусу 1963-жылы ашар жолу менен курулган. Эскилиги жеткен имараттын курулушу бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт. 2017-жылы тийиштүү мамлекеттик органдар окуу корпусу авариялык абалда деген корутунду чыгарган. Анын негизинде жаңы корпус салууга тендер жарыяланып, уткан курулуш компаниясы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка имараттын дубалын тургузган. Бирок соңку жылдары каражаттын калган бөлүгү которулбай жатканына байланыштуу курулуштун бүтүп калган бөлүгүн бүлдүрүп алуу коркунучу жаралууда. Бул маселеге кайдыгер кароо мамлекеттик казынага ондогон миллион сомдук зыян келтириши мүмкүн.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЖУМГАЛ РАЙОНУНУН ЭҢ КӨЙГӨЙЛҮҮ МЕКТЕПТЕРИНЕ БАРДЫ

Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы Шатман Садыбакасов орто мектебинде өткөн жолугушууда мектептердин курулушуна байланыштуу дагы бир көйгөй айкындалды. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын өкүлү Айша айымдын айтымында, акыркы жылдары курулуп жаткан мектептерди эксплуатацияга берилгенден кийин БУУнун Азык-түлүк программасына киргизүү өзүнчө эле машакат. Анткени алардын ашканасы аталган программанын талаптарына толук жооп бербейт. Ошондуктан курулуш объектин долбоорлоодо ушул жагдайды эске алуу өтө маанилүү.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЖУМГАЛ РАЙОНУНУН ЭҢ КӨЙГӨЙЛҮҮ МЕКТЕПТЕРИНЕ БАРДЫ

Иш сапары учурунда министр Ак-Татыр айылындагы жаңыдан курулуп бүтүп, колдонууга берилген Отунчу Ногойбаев атындагы мектепке жана Баш-Кууганды айылындагы эски имараты жараксыз абалга келип, жаңы корпустарынын курулушу аяктоо алдында турган Шатман Садыбакасов атындагы мектепке да барып, аткарылган жумуштар менен таанышты.

Акун Садырбаев атындагы орто мектепте директорлор корпусу менен болгон жолугушууда райондогу жалпы орто билим берүү уюмдарынын абалы, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.

 

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер