БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСТА БОЛДУ

  • 18.09.2021
  • 0

Бүгүн, 18-сентябрда Билим беруу жана илим министри Болотбек Купешев жана Билим беруу жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов иш сапары менен Талас облусунда болушту.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСТА БОЛДУ

Алгач министр облустук жана райондук жетекчилердин коштоосунда Талас районунун Кум-Арык айылында жайгашкан, 122 тарбиялануучусу бар көмөкчү мектеп-интернатка барды.

Ушул жылдын 1-июнунда Б. Купешев тармактын жетекчиси катары аталган интернатка алгачкы жолу келип, эмгек жамааты жана тарбиялануучулары менен жолугушуп, интернаттын абалы менен жеринен таанышкан. Ошол иш сапарында Б. Купешев жеринде чечүүгө мүмкүн болгон айрым маселелерди жаңы окуу жылы башталганга чейин чечип берүүнү облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине милдеттендирген. Аларга интернаттын жылытуу системасын калыбына келтирүү, ашкананын шыбын жана чатырын алмаштыруу, уктоочу бөлмөлөрдү жаңы керебеттер жана төшөнчүлөр менен камсыздоо, керектүү сандагы компьютерлер менен жабдылган компьютердик класс ачуу, мектептин китепканасын кыргыз тилиндеги китептер менен толуктоо сыяктуу бир катар тапшырмалар берилген. Министр бул  тапшырмалардын кайсысы толук, кайсысы жарым-жартылай аткарылганын өз көзү менен көрүп, көмөкчү мектеп-интернатка колдоо көрсөтүүнү улантууну жетекчилерге тапшырды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСТА БОЛДУ

Министр андан ары Манас районундагы Айсезим орто мектебине жана Баялыш уулу Рахман атындагы орто мектепке барып, мектеп мугалимдери жана бала бакча тарбиячылары менен жолугушуп, баарлашышты.

Жолугушуулардан кийин Манас райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында атайын кеңешме өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова, Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Досмамбет Жээнбеков, Талас облустук окуу-усулдук борборунун  директору Табылды Тилекматов, Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов, Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упенов жана мектеп директорлору, тарбиячылар катышышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСТА БОЛДУ

Иш-чаранын катышуучулары жалпы эле облустагы билим берүүнүн абалы, чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча өз ой-пикирлерин ортого салышты.

Министрликтин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер