БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСКА БАРДЫ

  • 09.04.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Таластагы бир күндүк иш сапары Кара-Буура районуна караштуу Ак-Жар айылындагы окуу корпустарынын бири өрттөнүп кеткен А.Калыбаев атындагы мектептен башталды. Министр мектептин педагогикалык жамааты менен пикир алышып, окуучулардын сабактарына катышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСКА БАРДЫ

Бейшеналиев аталган мектепке 7 комплект компьютер тапшырып, жаңы окуу корпусунун курулушун республикалык бюджеттен каржылана турган объекттердин жылдык титулдук баракчасына киргиздирерин убада кылды.

Мындан сырткары министр ушул эле райондогу “Ак Шоокум” бала бакчасына бир комплект компьютер тапшырды.

Андан соң Алмазбек Бейшеналиев курулушу 70 пайызга аяктап, бирок каржылоо маселесине байланыштуу токтоп калган Кайнар орто мектебине барды. Анда бүтпөй жаткан мектептин маселелерин чечүү жолдорун талкуулап, тиешелүү адистерге курулуш иштерин эртелетүү тапшырмасын берди. Ошондой эле Кара-Буура районунун Шекер айылындагы Т. Айтматов атындагы мектебине дагы барды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСКА БАРДЫ

Министрдин андан аркы сапары Талас шаарындагы №16 бала бакчада уланды. Бул бала бакча Мамлекеттик социалдык буйрутма боюнча алгач кыска мөөнөттүү (3 сааттык) болуп ачылып, кийин ата-энелердин суранычы менен кадимки бала бакчалардай иштеп калган. Алмазбек Бейшеналиев азыркы убакта кыска мөөнөттүү бала бакчалар керек экендигин баса белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүү зарыл деп билдирди.

Иш сапарынын соңунда министр Э. Айылчиев атындагы мектепке сегиз комплект компьютер тапшырды. Мындан сырткары №90 кесиптик лицейге жана Талас мамлекеттик университетине барып, студенттер менен жолугушту. Жолугушуу маалында жаштарды креативдүү ойлонууга, билимди талыкпастан алууга, келечекке чоң максаттарды коюуга, адамдардын укугун сыйлоого чакырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер