БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУНДА

  • 23.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Баткен облусуна барды.

Министрдин иш сапары Баткен шаарынан башталды. Министр Бейшеналиев Баткен мамлекеттик университетине барып, жаңы спорт залдын ачылыш аземине катышты. Ошондой эле окуу жайдын жаңы имаратынын курулушу менен дагы таанышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУНДА

Андан соң билим берүү министри Баткен облустук гимназия-жатак-мектебине барып, мектептин окуу китептер менен камсыз болушу, окуу бөлмөлөрүнүн абалын көрдү.

Мындан сырткары, министр райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме жана мектеп директорлору менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Ошондой эле билим берүү министри Кызыл-Кыя шаарындагы М. Күрөңкеев атындагы орто мектебине сертификат тапшырды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУНДА

Иш сапарын улай А.Бейшеналиев Баткен шаарындагы Кызыл-Жол мектебине барды. Аталган мектептин абалы авариялык деп табылган. Мындан улам министр тиешелүү адистер менен көйгөйдү талкуулап, бир катар тапшырмаларды берди.

Билим берүү министри Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы Чоң-Талаа орто мектебине барды. Аталган мектеп 250 орундуу жаңы имараттын курулушуна муктаж. Окуучулар ыңгайлаштырылган жашоо үчүн курулган үч корпуста билим алып келишкен. Жакында өрт чыгып, бир корпус күйүп кеткен. А.Б. Бейшеналиев мектептин көйгөйүн тиешелүү адистер менен талкуулап, жаңы имараттын курулушун тездетүү тапшырмаларын берип, министрлик көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Иш сапарынын алкагында министр Кадамжай районундагы К. Сатаров атындагы мектепте дагы болду.

Иш сапарынын соңунда Алмазбек Бейшеналиев Баткен мамлекеттик университетине караштуу Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтуна дагы болду.

ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер