БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БИШКЕКТЕГИ БАЛА БАКЧАГА БАРДЫ

  • 21.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги №48 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмуна барды. 

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БИШКЕКТЕГИ БАЛА БАКЧАГА БАРДЫ

Аталган бала бакчада сүйлөөсү начар, угуусу начар жана акыл-эсинин өрчүүсүндө бузулуулар болгон балдар тарбияланат.

Алмазбек Бейшеналиев пандемия шартындагы иштин жүрүшү менен, бала бакчанын жалпы абалы менен таанышты. Министр балдар жана мугалимдер менен баарлашып, бала бакчанын кем-карчын сурады. Бала бакчага айрым жабдыктар (түстүү принтер, ноутбук жана 2 интерактивүү доска) жетишпей келген. Министр аталган жабдыктарды жакын арада бала бакчага жөнөтө тургандыгын билдирди.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БИШКЕКТЕГИ БАЛА БАКЧАГА БАРДЫ

Ошондой эле бала бакчанын жетекчилигинин айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп баратат, ал эми мугалимдердин саны жетишсиз.

Алмазбек Бейшеналиев бала бакчанын жетекчилигине министрликке кайсы багыттардагы мугалимдерге талап болуп жатканын көрсөтүүсүн тапшырды. “Билим берүү министрлигинин долбоордук багыттарына ылайык, Арабаев атындагы улуттук университет жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту инклюзивдик билим берүүчү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү) мугалимдерди даярдай баштайт. Министрлик аларды бюджеттик негизде окутуп, даярдап берет”, — деди министр.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БИШКЕКТЕГИ БАЛА БАКЧАГА БАРДЫ

Алмазбек Бейшеналиев сөзүн улай: “Учурда жалпы эле республикада атайын билим берүүчү бала бакчалар жетишпейт. Бул көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде чечишибиз керек”, — деп белгиледи.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер