БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БЕЛОРУССИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

  • 21.03.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Беларус Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.С. Страчкону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар буга чейин кабыл алынган келишимдердин алкагында билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-беларус кызматташтыгынын учурдагы жана келечектеги перспективдүү маселелерин талкуулашты. Учурда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бар. Анын алкагында паритеттик негизде эки мамлекеттин университеттеринде окуу үчүн жыл сайын 10го чейин гранттык орундар бөлүнөт. Мындан тышкары, Элчи мырза 2021-2022-окуу жылы үчүн Беларус Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-июнундагы Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча Беларус Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу үчүн 12 гранттык орун бөлүнгөндүгүн маалымдады.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БЕЛОРУССИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар IT адистиктери боюнча адистерди биргеликте окутууга кызыкдар экендигин билдиришти. Учурдан пайдаланып, министр А.Б. Бейшеналиев Беларуссия тараптын “Жогорку технологиялар паркы” жаатындагы олуттуу тажрыйбасын белгилеп, бул жаатта зарыл тажрыйбаны топтоо үчүн Беларус Республикасына кыргыз адистерин жиберүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде А.С. Страчко министр А.Б. Бейшеналиевди Беларус Республикасына расмий иш сапары менен барууга чакырды.

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер