БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ Б. КУПЕШЕВГЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОНДУГУ ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮНҮ ТӨГҮНДӨӨ

  • 21.09.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Reporter.kg маалымат агенттигинин Купешев Болотбек Душековичке кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдирүүсүн (https://reporter.kg/ru/bilim-beryy-ministri-kupeshovgo-kylmysh-ishi-kozgoldu/) төгүндөйт.

«Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду» деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, министрлик Reporter.kg маалымат агенттигинен чындыкка дал келбеген, Б. Душековичтин ар-намысына көө жапкан, элге жар салынган билдирүүнү төгүндөөнү талап кылат.

Ошону менен бирге министрлик редакцияга жалган маалыматты атайылап элге жар салуудан карманууну сунуштайт.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер