БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-ОРУС КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 15.03.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги жана Орусия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов башында турган орусиялык делегациянын мүчөлөрү Бишкек шаарында жолугушту. Алар үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Москва шаарында болуп өткөн Кыргызстандын жана Орусиянын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында кыргыз-орус кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун башкы маселеси биргелешкен билим берүү инфраструктурасын түзүү болду. Министрлер биргелешкен Биринчи кезектеги иш-чаралар планын бекитишти. Тараптар ушул жылдын август айына карата көрсөтүүгө ниеттенип жатышкан мектептердин типтүү долбоорун жана алардын курулушуна карата техникалык тапшырманы иштеп чыгуу жана жабдуу менен алектенишери белгиленди. КР Билим берүү жана илим министрлиги мектеп + бала бакча форматында билим берүү комплекстерин куруу, ошондой эле Бишкек шаарында Кошумча билим берүү республикалык борборун куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-ОРУС КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Мындан ары да “Чет жактагы орусиялык мугалим” долбоорунун алкагында Россия Федерациясынан биздин өлкөбүздүн мектептерине волонтерлорду тартып келүү боюнча иш улантылары айтылды. Кыргызстан жолкире, турак-жай, коммуналдык кызматтар, медициналык маалым кат үчүн акы төлөөнү өзүнө алып, отурукташып алууга карата бир жолку жөлөк пулду төлөп берүүнү камсыздамай болду. Ошол эле мезгилде КР Билим берүү жана илим министрлиги Орусиянын жогорку окуу жайларындагы педагогикалык адистиктерге бюджеттик орундардын санынын көбөйүшүнө кызыкдар экенин билдирди.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-ОРУС КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташуунун башка форматтары да, анын ичинде орусиялык үлгүдөгү сертификаттарды берүү менен аралыктан да, реалдуу режимде да Орусия Федерациясынын тийиштүү жогорку окуу жайларында табигый-илимий жана физика-математикалык багыттардагы предметтер боюнча, ошондой эле экинчи тил катары орус тили боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин педагогдору үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу маселеси талкууланды.

Россиянын алдыңкы педагогикалык жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамынын ичинен педагогикалык десанттарды Кыргызстанга жиберүү, Орусия Федерациясынын Агартуу академиясынын Кыргыз Республикасынын Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту, Кыргыз билим берүү академиясы жана педагогикалык жогорку окуу жайлары менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн практикалык семинарларды өткөрүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун проблемалык-тематикалык жана программалык модулдарын (даректүү программаларды) иштеп чыгууда тажрыйба алмашуу боюнча туруктуу байланышын түзүү сунушталды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-ОРУС КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Ошондой эле Кыргызстандын педагогикалык жогорку окуу жайларынын эң мыкты бүтүрүүчүлөрүн Орусиянын мектептеринде педагогикалык практикадан өткөрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу айтылды.

 

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер