БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-КАЗАК КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 04.06.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-КАЗАК КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушуу маалында билим берүү жана илим жаатындагы эки өлкөнүн кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун башында Б. Купешев казак тарапты жылуу маанайда тосуп алып, боордош эки өлкөнүн билим берүү байланыштары бардык деңгээлдердеги жаңы демилгелер жана идеялар менен дайыма азыктанып турарын белгиледи.

Сөз баштап жатып, Р. Жошыбаев министрге Казакстан Республикасынын билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетовдун салам дубасын жеткирип, жакын арада А. Аймагамбетов иш сапары менен Кыргызстанга келүүнү пландап жатканын билдирди.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-КАЗАК КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Б. Купешев учурдан пайдаланып кыргызстандык жарандардын Казакстандын жогорку окуу жайларында окуусу үчүн квоталык орундардын санын көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алгандыгы үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап да азыркы учурда казакстандык жарандардын Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн квоталык орундардын санын 10го чейин көбөйтүү чечимин кабыл алганын белгиледи.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-КАЗАК КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 2-3-мартында Казакстан Республикасына жасалган иш сапарынын жүрүшүндө казак тарап Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн квотаны 50 орунга чейин көбөйтүү тууралуу демилге көтөргөн.   

Өз кезегинде кыргыз тарап да бөлүнүүчү квоталардын санын 10го чейин көбөйтүүгө даяр. Жетишилген макулдашууларды 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго кол коюу жолу менен бекемдөө пландалууда.

Жолугушууда дагы бир маселе, Кыргыз Республикасында Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинин филиалын ачуу маселеси, талкууланды. Элчи мырза Аль-Фараби атындагы КазМУнун жетекчилиги ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жакын арада Бишкек шаарына келүүнү пландап жатканын маалымдады.

Ошондой эле билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө максатында Тараптар:

— Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты арттырууну;

— Тараптардын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамынын жана илимий кызматкерлеринин эки өлкөнүн аймагында өткөрүлүүчү конференцияларга, симпозиумдарга, семинарларга, тегерек столдорго катышуусун камсыз кылууну;

— Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамын академиялык мобилдүүлүктүн алкагында эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында сабактарды өтүүгө тартууну макулдашышты.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер