БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИН ТАНДООНУН ЖАҢЫ ТАРТИБИ БЕКИТИЛДИ
- 21.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мектепке чейинки, жалпы, кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн жаңы тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Кабыл алынган документтин негизги максаты – өлкө боюнча билим берүү мекемелеринин жетекчилерин тандоодо бирдиктүү системаны түзүү, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жетекчилик кызматтарга татыктуу адистерди тандоо болуп саналат.
Жаңы жобого ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын, мектептердин, кесиптик лицейлердин жана кошумча билим берүү мекемелеринин жетекчилери эми конкурстук негизде дайындалат. Ошондой эле конкурстук жол-жоболордо санариптик технологиялар колдонулуп, тандоо процессинин объективдүүлүгү күчөтүлөт.
Мындан тышкары, бош кызмат орундарын ыкчам толуктоо максатында башкаруучу кадрлардын туруктуу резерви түзүлөт. Бул келечекте жетекчи кадрларды өз убагында дайындоого жана билим берүү тармагындагы башкаруу сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул чечим өлкөдөгү билим берүү системасын модернизациялоого, жетекчилерди тандоодо таза атаандаштыкты камсыздоого жана тармактагы башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер