БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ҮЧҮН МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЧАРБАЛАРДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

  • 29.04.2021
  • 0

26-апрелден 30-апрелге чейин мектеп тамактандыруусу маселелерин тескеген райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Ысык-Көл областынын мектептеринин жетекчилери үчүн «Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруу, укуктук жөнгө салуу жана жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору» темасында семинар өткөрүлүп жатат.

БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ҮЧҮН МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЧАРБАЛАРДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

Семинар Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Аталган семинардын максаты билим берүү уюмдарынын, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруу маселелери боюнча потенциалын, алардын ченемдик-укуктук жөнгө салынышын, ошондой эле агрономиялык билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.

БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ҮЧҮН МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЧАРБАЛАРДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

Семинарды өткөрүүнүн жүрүшүндө мектептердин азык-түлүктөрдү сатып алуусу жаатындагы азыркы абал боюнча катышуучулардын ой-пикирлери чогултулат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча мектептик сатып алууларды жөнгө салууну жакшыртуу үчүн сунуштар алынат.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер