БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨСҮ

  • 15.11.2017
  • 0

2017-жылдын 1-3-ноябрында Москва шаарында   билим берүү технологиялары боюнча WORLDDIDAC  Russia – 2017 эл аралык көргөзмөсү  ѳттү.  Анын жүрүшүндө «Санариптик билим берүү – Санариптик экономикага биринчи кадам» темасында  эл аралык конференция болду. Бул кѳргѳзмѳгѳ Кыргызстандын атынан Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары Нургүл Шарапова барып катышып келди.

Нургүл Шарапова  аталган конференцияда «Орто мектепте адабиятты окутууда мугалимдин инновациялык ишмердүүлүгү» деген темада  презентация жасап, мастер-класс  өткөрдү.

Презентациясынын мазмуну  —  заманбап мезгилдеги мугалимдин потенциалы, окутуудагы заманбап технологиялар, активдүү окутуу усулдары, заманбап усулдары менен катар элдик педагогика жаатында окуучунун этномаданий компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, интернет ресурстарын, маалыматтык-коммуникативдик технологияларды пайдалануу,  ачык билим берүү ресурстары, социалдык тармактар аркылуу окуучуларды билим берүү процессине  өз алдынча билимин жогорулатууга мотивациялоо багытында жүргүзүлдү.   WORLDDIDAC  Ассоциациясынын генералдык директору Дени Гаучтун колу менен эл аралык деӊгээлдеги мыкты презентация катары таанылды деген сертификатка ээ болду.

Нургүл Шарапова  2014-жылы  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жолдомосу менен WORLDDIDAC  Astana — 2014   эл аралык семинарына өлкөбүздүн атынан катышкан болчу. Анда ал мугалимдин инновациялык ишмердүүлүгү,  окутуу процессиндеги  жаңы ыкмалар темасында 45 мүнөттүк мастер-класс көрсөтүп, эл аралык денгээлдеги  семинарга катышты деген сертификатка жана Казакстан Билим берүү жана илим министрлиги, WORLDDIDAC  Astana  Ассоциациясы тарабынан Алкыш катка ээ болгон эле.

Алдыӊкы компьютердик технологиялардын ѳнүккѳн заманында  билим берүү тармагына интернет технологиялар, мультимедиялык жабдылыштар, сабакта гаждеттерди пайдалануу зарылчылыгы дүйнѳлүк деӊгээлде алдыӊкы планга коюлууда. Мугалимдин алдыӊкы технологияларды колдоно билүүсү окуучулардын массалык түрдө интернет, гаджеттерге болгон кызыгуусун туура нукка буруу менен маалыматтык коммуникативдик технологияларды  максаттуу пайдаланышы башкы маселе болуп келүүдө.

Учурда өлкөбүздө  инновациялык технологияны өнүктүрүү багытында  АБРдин «Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо» долбоору менен инновациялык мектептер жана мектеп жетекчилерин заманбап лидерликке окутуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул долбоордо каарманыбыз  улуттук тренер катары иш алып барууда.

 

Нургүл Шарапова, республикалык «Жылдын мыкты мугалими — 2013» сынагынын женүүчүсү, эл аралык долбоорлордун улуттук тренери, Ысык-Кѳл облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары:

  • Мугалимдин алдыӊкы инновациялык ишмердүүлүгү менен гана билим берүү системасында жаӊыланууларды жасап, коомго заманбап билимдүү муундарыбызды алып чыгалабыз демекчимин. Ар бир педагог ѳз потенциалын, тажрыйбасын изденүү менен жогорулатууга, алдыга умтулууга тийиш.

Мугалимдик кесип — мен үчүн сыймыктуу кесип. Мен мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбиялангам. Мугалим — коомдун күзгүсү. Мугалим — мамлекеттин тиреги.  Анын  алдында көптөгөн жоопкерчиликтер, түмөн түйшүктүү эмгектер турат. Ѳлкѳбүздүн келечеги үчүн билим берүү тармагын алдыга жылдыруу биздин зор милдетибиз. Андыктан мугалим үзгүлтүксүз жаӊылануу, билим тажрыйбасын ѳркүндѳтүү менен алдыга умтулууга тийиш.

Каракол шаарынын №4 гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими, «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын жеңүүчүсү катары эл аралык деӊгээлдеги семинарга катышуу менен ѳзүмѳ кѳптѳгѳн жаӊылыктарды алдым. Ѳлкѳбүздүн билим берүү тармагындагы жаӊыланууларды, улуттук педагогикабыздын жүзүн, дүйнөлүк деңгээлдеги маалыматтык-технологиялардын артта калбастан өз тажрыйбабызды, билим жолун улап келе жаткандыгыбызды көрсөтө алдым. Презентациямда мугалимдин ар тараптуу чеберчилиги, улуттук маданиятыбыздагы  комуздун коштоосундагы чыгармачыл сабактарды уюштуруунун маанисин, интернет технологиялардын билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу жактарын, аны колдонуу зарылчылыгын ачып бере алдым.

Учурда Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда директордун орун басары катары эмгектенип келем. Ѳлкѳбүздүн мугалимдерин билимдүү, заманбап технологияларга ээ, бийик потенциалдагы кызматкер катары көргүм келет. Мугалимдердин билимин жогорулатууга жалпы жамаатыбыз менен бардык аракеттерди көрүп келебиз.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Бөлүшүү

Комментарийлер