БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОЮНЧА «EDUTECH KG 2020» УЛУТТУК ОНЛАЙН-СЕМИНАРЫ ӨТӨТ

  • 25.04.2020
  • 1
БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОЮНЧА «EDUTECH KG 2020» УЛУТТУК ОНЛАЙН-СЕМИНАРЫ ӨТӨТ

Максаты — окутуучулардын заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүү боюнча кесиптик компетенциясын өнүктүрүү жана санариптешүү жараянында ЖОЖдор аралык тажрыйба алмашуу.

Иш-чара 12-15-25-29-май күндөрү онлайн форматта өтөт. Ага университеттердин кызматкерлери катыша алышат.

Семинарда университеттердин алдыңкы окутуучулары колдонгон заманбап билим берүү технологиялары көрсөтүлөт. Ошондой эле ЖОЖдордун инновациялык санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү тажрыйбасы жана санариптик каражаттар тааныштырылат.

Эл аралык эксперттер катышып, сессиялар уюштурулуп, жыйынтыктоочу талкуу болот. Соңунда уюштуруу комитети эмгектердин жыйнагын даярдайт.

Семинар видеоконференция форматында өтүп, катталган катышуучулар жана докладчыларга шилтеме жөнөтүлөт. Ошондой эле иш чараны  Улуттук Erasmus+ кеңсесинин Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсө болот. Шилтеме: https://www.facebook.com/erasmuspluskg.

Доклад жасоочу жана катышуучулар семинарга катталуу үчүн 5-майга чейин электрондук форманы толтурушу зарыл. Шилтеме: https://forms.gle/RMU71pRtaUuMf6e77

Билим берүү технологиялары боюнча «EduTech KG 2020» Улуттук онлайн семинары Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы Улуттук Erasmus+ кеңсеси, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик технологиялык университети жана жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттер командасы тарабынан уюштурулууда.

Сессиялардын өткөрүү графиги:

МероприятиеДата проведенияВремя проведенияСроки представления тезисов и регистрацияСроки представления презентаций
Сессия 1

«Цифровизация в системе высшего образования»

— Государственная политика

— Управление вузами

— Управление учебным процессом

— Цифровые сервисы

— Повышение квалификации преподавателей

— Нормы времени в условиях цифровизации

 

День первый

12 мая 2020 года

14.00 – 16.00 

до 8.05.2020

 

до 10.05.2020

День второй

15 мая 2020 года

14.00 – 16.00
Сессия 2

«Инновационные методы в преподавании и оценка качества»

— Образование 4.0 и его внедрение в учебный процесс;

— преподавание технических дисциплин;

— использование облачных технологий в учебном процессе;

— методы оценивания средствами ИКТ.

19 мая 2020 года14.00 – 16.00 

до 15.05.2020

 

до 17.05.2020

Сессия 3

«Интернационализация высшего образования»

— образование в эпоху глобализации;

— развитие двудипломного образования;

— академическая мобильность;

— развитие англоязычных образовательных программ.

26 мая 2020 года14.00 – 16.00 

до 22.05.2020

 

до 24.05.2020

Завершение работы семинара. Подведение итогов и принятие резолюции.

 

26 мая 2020 года16.00 – 17.00

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер

НУРЖАМАЛ МЫРЗАБАЕВА / 27.04.2020 14:26
Здравствуйте, это очень полезно.я буду посещать.