БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА ТАТЫКТУУ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

  • 28.09.2023
  • 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бүгүн КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы, КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаеваны тааныштырды.

Догдуркүл Шаршеевна 1965-жылдын 25-июлунда Ысык-Көл облусунун Оргочор айылында жарык дүйнөгө келген. 1986-1991-жылдары ал Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплом менен аяктаган. 1987-1997-жылдары Жети-Өгүз районундагы Ю.Гагарин атындагы мектепте тарых жана экономика мугалими болуп эмгектенген.

1997-2001-жылдары ал Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунда мектептерди башкаруу жана инвестиция тартуу лабораториясынын башчысы;

2001-2002-жылдары Save the Children (Улуу Британия) уюмунда АӨБнын “Коомчулуктун деңгээлинде балдарды эрте өнүктүрүү” долбоорунда регионалдык билим берүү боюнча консультант;

2002-2003-жылдары Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча Ысык-Көл облустук институтта Эл аралык мамилелер жана инвестиция тартуу лабораториясында тарых жана экономика боюнча методист, лаборатория башчысы;

2003-2004-жылдары Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары;  2004 -2007-жылдары Ысык-Көл облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы; 2007-2012-жылдары Исык-Көл облустук билим берүү институтунун директору;

2012-2014-жылдары КР Билим берүү жана илим министринин орун басары;

2014-жылдан ушул күнгө чейин “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору кызматтарын аркалап келген.

КР Билим берүүсүнүн мыктысы. КР Ардак грамотасы ж.б. көптөгөн грамота-сыйлыктардын ээси.

Бөлүшүү

Комментарийлер