Билим берүү тармагына эмгеги сиңген, көрүнүктүү окумуштуу Айсалкын Асанова дүйнө салды

  • 04.08.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, көрүнүктүү окумуштуу Айсалкын Асанова 2023-жылдын 3-август күнү узакка созулган оорудан кийин 77 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу «Кабар»агенттиги жазды.

Айсалкын Асанова 1945-жылы 26-декабрда Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган.

Москвадагы Жеңил өнөр жай технологиялык институтун 1968-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1972-жылы Г.В.Плеханов атындагы Москва эл чарба институтунда кандидаттык диссертациясын коргогон.

1990-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттики универстетинде докторлук диссертациясын жактап, экономика илимдеринин доктору илимий даражасын алган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ага окутуучу, доцент, профессору болгон .

2000-жылы Россиядагы Педагогикалык-социалдык илимий академиясынын академиги болуп шайланган.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер.

Илим жаатындагы ишмердигинде 10дон ашык илимдин кандидатын, 3 илимдин докторун чыгарган.

Айсалкын Асанова– 160 ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 10 китептин, 4 монографиянын жана илимий макаланын автору.

Анын илимий изилдөөлөрүндө рыноктун шартында калктын суроо-талаптарын изилдөө жана өндүрүштү интенсификациялоо аркылуу өнөр жайды өнүктүрүп кете турган жаңы багыт сунушталган. Бул жаңы багыт башкаруунун жаңы ыкмаларына: менеджмент, маркетингге таянып өнөр жайды реформалоого жол ачкан; инновациялык өнүгүүнүн стратегиялык багыттары, ишкерликти өркүндөтүүдө инновациялардын таасири, Кыргыз Республикасынын экономикасы ЕАЭБге киргендеги жетишкендиктер жана проблемалар, ЕАЭБдин шартында экономикалык тышкы байланыштарды өркүндөтүү жолдорү маселелерине арналган.

Айсалкын Асанованын илимий изилдөөлөрү Бишкекте, Москвада, Сеулда, Андонгдо (Корея Республикасы) Кожаели (Түркия), АКШ (Оклахома штаты, Норман Университети), Йель университетинде, Коннектикут штатындагы университетте (АКШ), Алматыдагы Эл аралык бизнес университетинде (UIB), Синьцзян педагогикалык университетинде, Вена университетинде (Австрия), Севилья (Испания), Индонезияда жарык көрдү.

Айсалкын Асанова билим берүү жана илим тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкүдөй наамдарга арзыган:

  • «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Москва ш. 1979-ж;
  • «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» 1996-ж.;
  • КР Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен 1981, 1984-ж.;
  • Ж. Баласагын атындагы КУУнун эмгек сиңирген ишмери 2010-ж.;
  • Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер 2010-ж.;
  • КУУнун ардагери 2013-ж.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер