БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛӨТ

  • 19.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (Комитет) төрагасы Исмаилов Алтынбек Джапарович менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагында санариптешүү багытында комитет менен биргеликте жасалып жаткан иштер талкууланды.

Жаңы окуу жылга даярдык боюнча жасалып жаткан иштер, мектептердин интернетке туташтырылуусу боюнча бир топ маселелер чукул арада чечилүүсү керек экендиги айтылды.

Каныбек Исаков билим берүү тармагын санариптештирүү иштерин күчөтүү жана жасалып жаткан иштерди талкуулоо, көйгөйлөрдү аныктоо үчүн комитеттин төрагасы менен мындай жолугушууларды бир айда эки жолу өткөрүп турууну макулдашты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер