БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ БАТКЕНДЕГИ КАГЫЛЫШУУДАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ 

  • 04.05.2021
  • 0

28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу кагылышуудан жапа чеккендерге Кыргыз Республикасынын бардык баскычтагы билим берүү уюмдары да жигердүү жардам берүүдө. Алсак, министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери Баткендеги жабыркаган мекендештерибизге жардам иретинде бир күндүк маянасын котормой болушту. Ушундай эле колдоо министрликке караштуу мекемелер жана уюмдар тарабынан да көрсөтүлүүдө.

Оор күндөрдө Баткен мамлекеттик университетинин жалпы эмгек жамааты Баткен облусунун чек ара аймактарында болуп өткөн өзгөчө окуяларда жабыркаган жарандарга жана күч органдарынын кызматкерлерине жардам иретинде бир күндүк эмгек маянасын (200 000 сом) которушту жана чек арага жакын жайгашкан айылдардан көчүрүлүп келип, БатМУнун бет маңдайындагы № 3 Айтпай Имаров – Кызыл топу атындагы орто мектепке жана Баткен шаарындагы “Алтын-Бешик” мейманканасына жайгаштырылган жарандарга 50 000 сомдук дары-дармек, тамак-аш, күндөлүк керектелүүчү буюмдарды, жаш балдарга оюнчуктарды таркатышты.

29-апрелде кечке жуук Сүлүктү шаарына эвакуацияланып, БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун жатаканасына жайгаштырылган Лейлек районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын 56 тургунуна психологиялык жардам берилип, тамак-аш, кийим-кечек жеткирилди. 30 чакты наристеге көңүлүн көтөрүү, баштан кечирген дүрбөлөңдүү окуяны аз да болсо унуткартуу максатында оюнчуктар, китеп-дептерлер, альбом, түстүү калемдер таркатылды.

БатМУнун башкы окуу корпусунда эмгектенген кызматкерлер Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Кызыл-Бел, Кызыл-Жол, Кара-Бак ж.б. айылдарынан эвакуацияланган 100гө жакын жаранды өз үйлөрүнө жаткырып, тамак-аш, керектүү буюмдар менен камсыз кылып жатышат.

БатМУнун Сүлүктү педагогикалык колледжинин кызматкерлери да кооптуу айылдардан эвакуацияланган 65 тургунду өз үйлөрүнө жаткырып, тамак-аш, керектүү буюмдар менен камсыздашууда.

Ош мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери да жабыркаган мекендештерибизге жакындан жардам беришүүдө. Аталган окуу жайда түзүлгөн атайын топ Баткендеги кыргыз-тажик окуясынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, жаш балдарга биринчи психологиялык жардам көрсөтүүдө. Психологдор Кызыл Чырым, Кызыл Жарым Ай уюмдары жана Баткен шаарындагы “Толеранттуулук үчүн” коомдук фонду менен биргеликте системалуу иш алып барышууда.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка жогорку окуу жайларынын психолог-окутуучулары да аралыктан жана кадимки форматта психологиялык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөгү аялдардын, балдардын психоэмоционалдык абалын баалап, тиешелүү психологиялык жардамдарды көрсөтүшүүдө.

Булардан башка да кесиптик билим берүү уюмдары жабыркагандардан жардамын аябай жатышканын айта кетүү абзел. Алсак, Жалал-Абад мамлекеттик университети 1 тонна азык-түлүк, Туризм академиясы – 156 000 сомдук азык-түлүк жана жылуу кийим, Жалал-Абад шаарында жайгашкан Заманбап эл аралык университет – 104 000 сомдук азык-түлүк жана жылуу кийим, Ала-Тоо эл аралык университети – 100 000 сомдук азык-түлүк менен камсыздады. Жардам берүүчүлөрдүн тизмеси дагы толукталууда.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер