БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИП РЕСУРСТАРДЫН БИРДИКТҮҮ ПОРТАЛЫ
- 10.06.2025
- 0
Агартуу министрлиги санариптик билим берүү платформаларынын экосистемасын түзүп, активдүү өнүктүрүп жатат.
— Бирдиктүү кирүү порталы – bilim.gov.kg билим берүү тармагындагы бардык негизги кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат; мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн система – balalyk.edu.gov.kg; 1-класска кабыл алуу платформасы – 1mektep.edu.gov.kg; окуу процессин башкаруу системасы – kundoluk.edu.gov.kg; аттестаттар жана күбөлүктөрдүн реестри – attestat.edu.gov.kg; бардык билим деңгээлдериндеги дипломдордун реестри – diplom.edu.gov.kg; кайра окуу жана квалификацияны жогорулатуу билим берүү платформасы – kesip.edu.gov.kg; «Мектеп инфраструктурасы» автоматташтырылган маалымат системасы – is.edu.gov.kg, мектептердин имараттары жана инфраструктурасынын абалын көзөмөлдөө үчүн; педагог кадрлардын улуттук резерви – mugalim.edu.gov.kg; STEM багытындагы предметтер боюнча санариптик билим берүү платформасы – stem.edu.gov.kg; онлайн платформасы academy.inaqa.com аркылуу 3600дөн ашык адам окутулду; мугалимдердин көз карандысыз сертификациялоо системасы жумуш берүүчүлөрдүн катышуусунда ишке киргизилди, — деди министрдин орун басары Надира Сынташевна.
Бул санариптик чечимдер билим берүүнүн бардык жашоо циклин — бала бакчадан тартып кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүүгө чейин камтып жана ачыктык менен жеткиликтүүлүктү жогорулатат.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер