«АЗЫР ЖАЛГЫЗ ЖОЛ – СЕКИРИП ӨТҮҮ»: БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛООНУН БАШКЫ БАГЫТТАРЫ

  • 06.04.2023
  • 0

Бүгүн Бишкекте эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү катышкан форумда билим берүүнү реформалоонун башкы стратегиялык багыттары жана биринчи кезектеги милдеттер жарыяланды.

Форумда сүйлөгөн сөзүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүүнү бардык деңгээлде өнүктүрүүнүн биринчи кезектеги кечиктирилгис чаралары жөнүндө айтты.

“Китептер, программалар сапатсыз, балага кызыксыз. Натыйжа жакшы болбой жатат. Мындан ары мындай болбош керек. Дүйнөдөгү эң мыкты программаларды алуу керек. Жакшы натыйжаларды берген, колдон түшкүс болгон мыкты китептерди бизге котортуп, колдонууга коркпой киргизүү керек. Донорлор бизге дал ушундай сунуштарды беришсе жакшы болот эле. 11 жылдап окуса дагы балдарыбыз англисче сүйлөй албаган программалардын же окуу китептеринин бизге эмне кереги бар?”,-деди Акылбек Жапаров.

"АЗЫР ЖАЛГЫЗ ЖОЛ – СЕКИРИП ӨТҮҮ": БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛООНУН БАШКЫ БАГЫТТАРЫ

«Бүгүнкү күндө биз эле эмес, өнүккөн өлкөлөр заманбап билим берүү системалары жасалма интеллекттин жалпыга жеткиликтүүлүгү боюнча даяр эместигине туш болуп жатышат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү мектептер жана университеттер үй тапшырмаларына, рефераттарга жана дилбаяндарга болгон мамилени толугу менен кайра карап чыгууда, анткени Chat GPT сыяктуу программалар бир нече секунданын ичинде эң жогорку сапаттагы тексттерди чыгарат”, — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаровдун айтымында,  “Өнүккөн өлкөлөрдү акырындап жана этап менен кууп жетүү” идеясынан баш тартуу керек».

“Азыр жалгыз жол – секирип өтүү. Президент биздин алдыбызга дал ушул ачылышты өнүктүрүү милдетин коюп жатат”.

Министрлер Кабинетинин төрагасы билим берүүдөгү реформалардын башкы багыттары катары окутуунун сапатын жогорулатуу. инфраструктураны өнүктүрүү жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, билим берүүгө ийкемдүү мамилени киргизүү жана чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандырууну белгиледи.

“Заманбап маалымат дүйнөсүндө маалыматтарды талдоо, негизделген чечимдерди кабыл алуу жана командада иштөө өзгөчө маанилүү. Окуучуларыбыздын чыгармачыл жана критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн биз окуу процессине долбоордук окутуунун элементтерин, кейс-методун жана талкуу форматтарын киргизишибиз керек”, — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өз кезегинде биринчи кезекте аткарыла турган иштерге токтолуп, жаңыча иштөөнүн зарылдыгын баса белгиледи.

“Биз билим берүүнү реформа кылууда педагогдорду даярдоо, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана каржылоо системасы, илимди өнүктүрүү маселелеринде эски мамиледен арылышыбыз керек. Дүйнө өзгөрүп жатат, биз дагы мезгилден артта калбашыбыз керек”,-деди Каныбек Иманалиев.

"АЗЫР ЖАЛГЫЗ ЖОЛ – СЕКИРИП ӨТҮҮ": БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛООНУН БАШКЫ БАГЫТТАРЫ

Форумга мектептеги билим берүүнүн, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн өкүлдөрү, илимий уюмдардын жетекчилери, донор жана өнөктөштөр уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын Туруктуу координатору, ЮНИСЕФтин, Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, ЮСАИД, Ага Хан жана башка донгор уюмдардын өкүлдөрү билим берүү тармагын реформалоо боюнча активдүү иштерди колдой турганын билдиришти.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепцияны катышуучуларга тааныштырып, 2030-жылы мектепке чейин билим берүү менен камтууну 85-90% чейин жеткирүү зарылдыгын айтты.
“Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек! Өлкөнүн жараны төрөлгөндөн баштап ага тийиштүү көңүл бурулбаса, реформа болбойт! Биз жаңы билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин үстүндө иштеп жатабыз. Биз бизнес-коомчулукту жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын бул процесстерге активдүү катышууга чакырабыз”, — деди министр.
Ошондой эле министр 2024-жылга карата 40 миң баланы камтыган 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачыларын билдирди.
"АЗЫР ЖАЛГЫЗ ЖОЛ – СЕКИРИП ӨТҮҮ": БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛООНУН БАШКЫ БАГЫТТАРЫ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер