БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН БАШКАРУУ, КАРЖЫЛОО ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 20.08.2021

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык билим берүү жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул жылдын 11-августунан 13-августуна чейин Ысык-Көлдө билим берүү системасын башкаруу, каржылоо жана өнүктүрүү маселелерине тиешелүү болгон ченемдик укуктук актыларга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо боюнча жумушчу семинар өткөрдү. Семинарга билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана коомдук уюмдардын эксперттери катышышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН БАШКАРУУ, КАРЖЫЛОО ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чара мыйзамдык актыларды Конституциянын жаңы редакциясына шайкеш келтирүүгө, ошондой эле билим берүү жаатындагы мыйзамдык базаны оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө, анын ичинде мүчүлүштүктөрдү, карама-каршылыктарды жана кайталоолорду жоюуга багытталган.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү