БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫНА АР БИР МУГАЛИМ ЖООПТУУ

  • 23.08.2022
  • 0

2022-2023-жаңы окуу жылына карата өтүлгөн билим берүү кызматкерлеринин август конференциясында Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров 2025-жылы болуучу  PISA-25  эл аралык сынакка болгон бардык белгиленген даярдыктардын конкреттүү планынын ишке ашырылышына ишенээрин айтып өттү.

2025-жылы Кыргызстандын 15 жаштагы окуучулары дүйнө жүзү боюнча суроо-талапка ээ болгон заманбап компетенциялар кандай экенин түшүнүү үчүн функционалдык сабаттуулугун баалоо боюнча PISA сынагына катышат. 2006, 2009-жылдардагы төмөн көрсөткүчтөрдү  кайталабаш үчүн билим сапатын жогорулатуу эң биринчи максат.

-Өз кесиптик даярдыгыңыздарды кайрадан карап чыгып, билим берүү системасын уюштуруунун айрым эскирген принциптеринен баш тартып, билим берүүнүн мазмунун, усулдарын жана окуу технологияларын өзгөртүңүздөр. Билим берүүнүн сапатына ар бир мугалим жооп берүүгө тийиш, — деди А. Жапаров.

А.Асаналиева «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер