«БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫ ЖАНА ЖАШЫЛ КӨНДҮМДӨР» 

  • 25.08.2023
  • 0

Бакай-Ата районундагы Акчал Уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинде Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Кулукеева, усулдук кабинеттин жетекчиси М. Алымбеков жана усулчулар тарабынан предметтик мугалимдер үчүн секциялык иштер өткөрүлдү.

"БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫ ЖАНА ЖАШЫЛ КӨНДҮМДӨР" 

"БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫ ЖАНА ЖАШЫЛ КӨНДҮМДӨР" 

Талас облустук усулдук борборунун директору С. Бейшенованын маалыматы боюнча,   секциялык иште 2023-2024-окуу жылына даярдык,  жылдык пландар, календарлык пландар,  семинарлар, PISA-2025, олимпиада, ЖРТ, “Алтын тамга” жана башка аткарылуучу иштер талкууланды. Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Кулукеева предметтик мугалимдерге жакшы каалоо-тилектерди айтып, жаңы окуу жылында жаңы күч менен алдыга койгон максаттарга жетүүгө тилектештигин билдирди.

"БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫ ЖАНА ЖАШЫЛ КӨНДҮМДӨР" 

"БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫ ЖАНА ЖАШЫЛ КӨНДҮМДӨР" 

Күндүн экинчи жарымында Ак-Дөбө айылынын маданият үйүндө «Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр»  темасында мугалимдердин Август кеңешмеси болуп,  кеңешмеге Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сейдикеримова, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А. Имаров, Талас облустук усулдук борборунун директору С. Бейшенова жана райондогу билим берүү мекемелеринин жетекчилери, жалпы мугалимдер катышты. Кеңешмеде билим берүү тармагындагы ийгиликтери жана кемчиликтери  айтылды. Талас облустук усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды. Ошондой эле мугалимдердин чыгармачылыгы, изденүүсүнүн негизинде жасалган  көргөзмө уюштурулуп,  мыкты көргөзмөлөр аныкталып, профсоюз уюму тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Районубуздагы 2022-2023-окуу жылында  мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери арасында өткөрүлгөн  «Атаандаштык мелдешинин» жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер