КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕТИ УНИВЕРСИТЕТИ МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ТАРМАГЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН DEVX IT-SCHOOL МЕНЕН КОНСОРЦИУМГА БИРИКТИ

  • 13.07.2022
  • 0

2022-жылдын 12-июлунда алгачкы жолу “Кыргызстандын 7 жогорку окуу жайы + DEVX IT-SCHOOL” консорциуму түзүлдү.

Консорциумдун түзүлүшүнө карата Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакытбек Аманбаев, АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров, Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрагасы Андрей Гуринов жана ЖОЖдордун ректорлору онлайн жана оффлайн форматында жолугушту.

“IT тармагын Кыргызстандагы стратегиялык тармактардын бирине айлантуу боюнча мамлекет тарабынан өзгөчө кадамдар ташталат. Чет тилдерин үйрөнүү жана IT тармагын өнүктүрүү биздин билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыттарынан болмокчу. Бул жааттагы пландарды ишке ашырууда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан эч кандай бюрократия болбойт”, — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө АКШнын DEVX IT-SCHOOLу менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ош мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университеттеринин ишмердүүлүгүн бириктире турган Консорциум түзүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Консорциумдун максаты — IT чөйрөсүндө кошумча билим берүү курстарын уюштуруу жана өткөрүү.

Курстун угуучулары башталгыч колдонуучулар да, иштеп жаткан программисттер да квалификацияны жогорулатуу үчүн окутуудан өтө алат. Анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында маалыматтык технологиялар рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн деңгээли жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт деп күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер