БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНДЕ КОРРУПЦИЯНЫ ООЗДУКТОО ЧАРАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 12.05.2026
- 0
11-майда Билим берүү жана илим министрлигинин кезектеги жыйынында негизги көңүл коррупцияга каршы күрөшкө бурулду. Аппараттык кеңешменин алкагында Башкы прокуратуранын өкүлү Орозбек Бердибаев баяндама жасап, тармактагы актуалдуу маселелерди ортого салды.
Жыйында Президенттин 2025–2030-жылдарга карата антикоррупциялык Жарлыгы жана мамлекеттик программалардын талаптарын так аткаруу маанилүү экени эскертилди. Билим берүү тармагы коррупциядан тазаланууга тийиш болгон эң артыкчылыктуу багыт катары белгиленди.
Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн билим берүү жана башкаруу процесстерин толук санарипке өткөрүү иши улантылат. Бул кадам ар бир чечимдин ачык жана адилеттүү болушун шарттайт.
Министрликтеги коррупцияга каршы комиссиялардын ишин жандандыруу жана тобокелдиктерди такай талдап туруу зарылдыгы баса белгиленди.
Министрлик куру сөздөн ишке өтүп, коррупцияны алдын алууда заманбап технологияларды жана катаал көзөмөлдү колдонууну көздөп жатат.
Комментарийлер