БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ЮСАИД ЖАҢЫ ДОЛБООР БАШТАЙТ

  • 25.09.2019
  • 0

Билим берүү министрлиги USAID менен бирге баштапкы билим берүү жаатында ири суммадагы долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ЮСАИД ЖАҢЫ ДОЛБООР БАШТАЙТ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу, USAID миссиясынын Кыргызстандагы директору Гэри  Линден, Тынчтык Корпусунун жетекчиси Анна Хоффман жана АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Кирстен Селенджерди кабыл алды.

Жолугушууда тараптар министрлик менен уюмдардын кызматташтыгын бекемдөө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

АКШ элчиси Каныбек Исаковду билим берүү министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу жумушуна ийгиликтерди каалады.

USAID миссиясынын Кыргызстандагы директору Гэри Линден министрлик менен башталгыч, инклюзивдүү жана жогорку билим берүү жаатында 25 жылдан ашык убакыттан бери кызматташып келе жатканына айтып, «Келгиле, окуйбуз!» сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырганына токтолду. Долбоордун алкагында 9 миңден ашуун мугалим жаңы методология боюнча окутуу семинарларынан өткөндүгүн жана өлкө боюнча бардык мектептерге 1 миллион 200 миң китепти өткөрүп берүүнү пландап жатканын белгиледи. Ошондой эле мындан ары жаңы долбоорду баштоо ниети менен бөлүштү.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ЮСАИД ЖАҢЫ ДОЛБООР БАШТАЙТ

“Бул жылы ЮСАИД министрлик менен биргеликте башталгыч класс окуучуларынын билимин өркүндөтүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке ашырууну көздөйт. Долбоор мамлекеттик мектептердин 75 пайызын камтып, математика жана китеп окуу боюнча окутуу программасын, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталган”, — деди Гэри  Линден.

Ал эми Тынчтык Корпусунун жетекчиси Анна Хоффман азыркы учурда Кыргызстанда 100 англис тил мугалими ыктыярчы катары иштеп жатканын белгилеп өттү.

Министр Каныбек Исаков куттуктоолор үчүн ыраазычылыгын билдирип, кызматташууну мындан да жакшыртууга жана башталгыч, инклюзивдүү билим берүү, бала бакча маселесинде биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу ниети бардыгын белгиледи. Мындан сырткары англис тилин үйрөтүүчү ыктыярчыларга муктаждык жогору болгондугун айтып, алардын саны көбөйтүүнү сунуштады.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер