БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН МЕКТЕПКЕ БАРЫП-КЕЛҮҮ МАСЕЛЕСИН УЮШТУРУУНУ КАРАП ЧЫГУУСУ ШАРТ

  • 27.08.2020
  • 0

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Отурумда окуучулар жаңы окуу жылында кандай тартипте билим алары жана мектептерде санитардык- эпидемиологиялык талаптардын сакталышы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы угулду.

Штабдын чечимине ылайык, жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып окушат, калган класстын окуучулары, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери онлайн режиминде билим алат. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша билим алуунун кийинки тартиби Республикалык штабдын отурумдарында каралып турмакчы.

Премьер-министр биринчи класстын окуучулары окуй турган мектептерде санитардык-гигиеналык нормалар так сакталышы керектигин белгиледи.

«Тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын тыкыр сакталышын камсыздоого мектеп жетекчилиги жооптуу. Коомдук транспортто илдеттин жугуу тобокелчилиги жогору экенин эске алуу менен, Билим берүү министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүүсүн уюштуруу маселесин карап чыгуусу шарт. Бул маселе өзгөчө шаарларга тийиштүү», — деди Кубатбек Боронов.
Өкмөт башчы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын аралыктан билим алуусуна шарт түзүү үчүн саналгы жана уюлдук телефон менен камсыз кылуу маселесин чечүү керектигин кошумчалады.

Премьер-министр штаб тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына берилген тапшырмалардын сапаттуу ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле Өкмөт башчы коомдук транспортто санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын туруктуу негизде көзөмөлдөө керектигин кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер