БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ МЕНЕН ОРУСИЯНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ ОНЛАЙН ЖОЛУГУШТУ

  • 31.01.2021
  • 0

Кыргыз тараптын демилгеси менен Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.С. Джусупбекова Орусия Федерациясынын Агартуу министринин биринчи орун басары Д.Е. Глушко менен видеоконференция режиминде жолугушуу өткөрдү.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ МЕНЕН ОРУСИЯНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ ОНЛАЙН ЖОЛУГУШТУ

Жолугушуунун жүрүшүндө, Тараптар билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар биргелешкен аракеттеринин натыйжасында, учурда билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-орус мамилелери өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлгөнүн белгилешти. Азыркы убакытка чейин биргелешкен иш-чаралардын оң натыйжаларын берген бир катар биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдиришти.

Мындай долбоорлордун бири болуп Ош шаарындагы билим берүү уюмдарындагы орусиялык педагогикалык кызматкерлеринин ишмердүүлүгү саналат. 2020-2021-окуу жылына карата ушул гуманитардык долбоордун алкагында Орусиядан келген 30 мугалим Ош шаарындагы билим берүү уюмдарында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Жолугушуунун жүрүшүндө, Тараптар Орусиядан келген мугалимдердин санын көбөйтүү жана 2021-2022-окуу жылына Кыргызстандын түндүк аймактарына кошумча дагы 30 мугалим жиберүү маселесин иштеп чыгууну макулдашты.

Мындан тышкары, Тараптар Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн Орусия Федерациясынын тиешелүү билим берүү мекемелеринде табигый-так, физика-математикалык багыттар, анын ичинде STEM программасы боюнча, ошондой эле орус тилин экинчи тил катары окутуу боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштурууну жана оруссиянын билим берүү платформаларын мындан ары кыргыз тилине которуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарына ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өз кезегинде, жолугушууда айтылган кыргыз тараптын бардык кайрылуулары боюнча Орусия тарап колдоо көрсөтүп, жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар талкууланган маселелердин ийгиликтүү ишке ашырылышына үмүттөнүп, келечекте билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын мындан ары өнүгүүсүнө салым кошоруна ишеним билдиришти.

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер