БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ КУМАР ОЮДАРЫН УЮШТУРУУ ЖАНА ӨТКӨРҮҮГӨ КАРШЫ БУЙРУК ЧЫГАРДЫ

  • 12.01.2023
  • 0

БУЙРУК

          10.01.2023г. №31/1                                                                                                                г. Бишкек

Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган кумар оюндарына окуучуларды жана студенттерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштердин алдын алуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 404 “Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында буйрук кылам:

 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган кумар оюндарына окуучуларды жана студенттерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштердин алдын алуу жөнүндө Иш-чаралар планы (мындан ары — План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

  1. Жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайлардын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Кыргыз билим берүү академиясы (Н.К. Дюшеева) жана Республикалык илимий усулдук борбору (А.Д. Карабаев):

— жеке жоопкерчилик менен Планды ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды белгиленген тартипте көрүшсүн;

— окуучулардын, студенттердин жана алардын ата-энелери арасында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган кумар оюндарына окуучуларды, өспүрүмдөрдү жана жашы жете электерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштердин алдын алуу, кумар оюндарынын зыяндуулугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүшсүн;

—  Пландын аткарылышы боюнча отчеттук маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине квартал сайын, отчеттyк мезгилден кийинки айдын биринен кечиктирбестен берип турушсун (эл. дарек: [email protected]).

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жалпы маалымат каражаттары менен иштөө бөлүмү (Н.К. Мырзабеков) кумар оюндарынын зыяндуулугу жөнүндө социалдык роликтерди тартып, аларды жалпы маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда жайылтуу боюнча иштерди жүргүзсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Тарбия иштери боюнча сектору (Э.М. Ибраимов) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 404 “Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча маалыматты квартал сайын, отчеттyк мезгилден кийинки айдын бешинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жиберип турсун.
  3. “Кут билим” медиа борбору (К.А. Чекиров) ушул буйрукту “Кут Билим” газетасына жарыяласын.
  4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басарлары Т.А. Ашымбаевага жана Абазбек уулу Расулга жүктөлсүн.

                                                                                                                                                      Министр У.Э. Мамбетакунов

                                                                                                             

 

                                                                                                                  Кыргыз Республикасынын

                                                                                                                  Билим берүү жана илим министрлигинин

                                                                                                                  2023-жылдын      10-январь              31/1   

                                                                                                                   буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган кумар оюндарына окуучуларды жана студенттерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштердин алдын алуу жөнүндө

Иш-чаралар планы

 

Иш-чаранын аталышыАткаруу мөөнөтүЖооптуулар
1Компьютердик, автоматтык кумар оюндардын зыяндуулугу, кумар оюндарына көз карандылыкты алдын алуу боюнча класстык сааттардын жана класстан тышкаркы иш-чаралардын иштелмелерин даярдооЯнварь, февраль

2023-жыл

ЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, мектептер,

КББА, РИУБ

2Кумар оюндарга көз карандылыктын алдын алуу, сергек жашоону жайылтуу боюнча КББА, РИУБ иштеп чыккан усулдук материалдарды окуу жайлардын маалыматтык такталарына жана Интернет-сайттарына, социалдык баракчаларына жайгаштырууФевраль

2023-жыл

 

ЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, РайБББ, ШаарБББжБ,

мектептер, КББА, РИУБ

3Кумар оюндарга көз карандылыкты алдын алуу боюнча тегерек столдорду, аңгемелешүүлөрдү, дискуссияларды, класстык сааттарды, лекцияларды өткөрүүОкуу жыл ичиндеЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, РайБББ, ШаарБББжБ,

мектептер, КББА, РИУБ

4Кумар оюндарга тартылуунун тобокелчиликтери жана терс социалдык кесепеттери, анын өнүгүү коркунучу жөнүндө көрсөтмө материалдарды (буклеттерди, баракчаларды, инфографикаларды) окуучулар жана студенттер арасында таратууОкуу жыл

ичинде

ЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, РайБББ, ШаарБББжБ,

мектептер, КББА, РИУБ

5Кумар оюндарга көз карандылыкты алдын алуу боюнча окуу жайларда атайын бурчтарды уюштурууМарт, апрель

2023-жыл

ЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, РайБББ, ШаарБББжБ,

мектептер

6Кумар оюндарга көз карандылык көйгөйү боюнча презентацияларды көрсөтүү жана талкуулооМай

2023-жыл

ЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, РайБББ, ШаарБББжБ,

мектептер

7Кумар оюндарга көз карандылыкты алдын алуу боюнча сүрөт конкурстарын, флешмобдорду уюштуруу, видеороликтерди тартууОкуу жыл ичиндеЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, РайБББ, ШаарБББжБ,

мектептер

8Кумар оюндарга көз карандылыкты алдын алуу боюнча жасалып жаткан иштер боюнча жалпы маалымат каражаттарына маалымат берүүКвартал сайынЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, РайБББ, ШаарБББжБ,

мектептер

9Компьютердик, автоматтык кумар оюндарга берилген балдарды эрте аныктоо максатында алдын алуу боюнча окуучулар, студенттер менен жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүОкуу жыл ичиндеЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, РайБББ, ШаарБББжБ,

мектептер

10Ата-энелер чогулуштарында кумар оюндарга көз карандылыктын алдын алуу, компьютердик оюндардын балдардын ден соолугуна тийгизген терс таасири боюнча маселелерин талкуулооОкуу жыл

ичинде

ЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, РайБББ, ШаарБББжБ,

мектептер

11Сергек жашоонун артыкчылыктарын  жана кумар оюндарынын терс таасирин окуучуларга жана студенттерге  дене тарбия, спорттук-массалык, ден соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштуруу аркылуу

жеткирүү

Окуу жыл

ичинде

ЖОЖдор, ОКОЖ, КЛ, РайБББ, ШаарБББжБ,

мектептер

Кыскартуулардын тизмеси:

— КББАКыргыз билим берүү академиясы;
— РИУБРеспубликалык илимий усулдук борбор;
— ШаарБББжБШаардык билим берүү башкармалыктар жана бөлүмдөр;
— ЖОЖдорЖогорку окуу жайлар;
— ОКОЖОрто кесиптик окуу жайлар;
— КЛ

Кесиптик лицейлер.

Бөлүшүү

Комментарийлер