БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ «БИР ОКУУЧУ — БИР КӨЧӨТ» АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ
- 12.04.2023
- 0
Республиканын билим берүү мекемелеринде «Бир окуучу — бир көчөт» акциясы өтүүдө. Иш-чара «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында үстүбүздөгү жылдын март айында башталган.
Акцияга ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышып, билим берүү мекемелеринин айланасына жаш көчөттөрдү отургузууда. Жашылдандыруу иштери сабактан кийин жүргүзүлүүдө.
Сүрөттө: Сокулук райондук жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары
Бөлүшүү
Комментарийлер