БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СПАРТАКИАДАСЫ

  • 08.09.2026

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунда “Кызыл гвоздика” ден-соолукту чыңдоо борборунда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн уюштурулган беш күндүк чоң спорттук иш-чара старт алды.

БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СПАРТАКИАДАСЫ

Ачылыш аземине КРдин БИККБ Борбордук комитетинин төрагасы С.Боёнов жана анын орун басары А.Кудайкулов, КР Агартуу министринин орун басары Муктарбек Баймурзаев, Тоң районунун акими Б.Осмонов, калыстар тобунун мүчөлөрү, ошондой эле оюндун катышуучулары, тийиштүү кызматкерлер катышты. БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СПАРТАКИАДАСЫ

Аталган спорттук иш-чарага Борбордук комитеттин курамына кирген 7 облустун шаардык жана райондук комитеттердин, жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) жана атайын кесиптик орто окуу жайлардын (АКОЖ) билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлери катышууда. БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СПАРТАКИАДАСЫ

Негизги максат — билим берүү,  илим кызматкерлеринин арасында достукту, ынтымакты жана кызматташууну бекемдөө, спорт аркылуу сергек жашоо образын пропагандалоо болуп саналат.

БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СПАРТАКИАДАСЫ

Катышуучулар спорттун 5 түрү боюнча ат салышып, жалпы (эркектер жана аялдар) 42 команда катышат. Талапка ылайык, катышуучулардын жаш курагы 25-40 жашка чейин.

Спорттун түрлөрү:
1.Волейбол
2.Футбол
3.Шахмат
4.Стол тенниси
5.Тогуз коргоол

Мелдеш Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тартабынан уюштурулуп, жалпы 2 млн.сомдун тегерегинде акча каражаты менен каржыланды.

БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СПАРТАКИАДАСЫ

Иш-чаранын ачылышында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов мындай спорттук иш-чаралар билим берүү тармагындагы кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана ден-соолукту чыңдоого өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.

БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СПАРТАКИАДАСЫ
“Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары! Бүгүн өзгөчө күн. Себеби билим жана илим тармагынын кызматкерлери спорт тармагында күч сынашат. Мындай спорттук иш-чаралар өлкөнүн 7 облусунан келген билим берүү тармагынын кызматерлери ортосундагы ынтымакты бекемдеп, сергек жашоого үндөп, жаңы окуу жылынын башталышында жакшы дем-күч болот деп ишенем. Борбордук комитет бул мелдеште сиздер үчүн баардык шарттарды түзүп, жогорку денгээлде өткөрүүгө болгон аракетибизди кылдык. Биз тараптан даярдык жакшы, ал эми сиздер оюнга активдүү катышып бериңиздер. Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз”, — деди С.Боёнов.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара 8-12-сентябрга чейин өткөрүлөт.

Бөлүшүү