БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ИНВЕСТИЦИЯ: ОШТО ОКСФОРД ЗАМАНБАП МЕКТЕБИНИН ПАЙДУБАЛЫ ТҮПТӨЛДҮ
- 20.07.2026
- 0
Ош шаарында заманбап билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаш муун үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген шарттарды түзүү максатында Oxford International School инновациялык билим берүү комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, бул долбоор шаардагы билим берүү тармагындагы маанилүү инвестициялык кадамдардын бири экенин белгиледи.
Шаар башчысы бүгүнкү күндө сапаттуу билим берүү мекемелерине болгон суроо-талап өсүп жатканын баса белгилеп, мэрия билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Жанарбек Акаев мындай заманбап окуу борборлору окуучуларга сапаттуу билим берүү менен гана чектелбестен, жаңы технологияларды жана инновациялык окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө, ошондой эле жаштардын атаандаштыкка жөндөмдүү билим алуусуна чоң өбөлгө түзөөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, курулуп жаткан билим берүү комплекси шаардын Ашимахунов көчөсүндө жайгашат. Долбоорго ылайык, бул жерде 700 орундуу мектеп жана 140 орундуу бала бакча курулуп, анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепканалар, спорттук залдар жана чыгармачылык борборлор, ошондой эле ачык спорттук аянтчалар каралган. Аталган долбоор Ош шаарынын мэриясы менен Oxford International School мектебинин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу меморандумдун негизинде ишке ашырылууда.
Комментарийлер