БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ: САПАТ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ 

  • 23.11.2018
  • 0

БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ: САПАТ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ 

Кыргызстанда жогорку билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу маселелери 23-ноябрда Бишкек шаарында өткөн “Жогорку билим берүүнүн сапаты – мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн негизги шарты” аттуу билим берүү форумунда талкууланды.

Форум Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын ассоциациясы менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлүп, ага жогорку окуу жайлардын ректорлору, билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаты К.Керезбеков жана Улуттук аккредитация жана рейтинг агенттигинин, Билим-стандарттын өкүлдөрү катышты.

Анда Кыргызстанда жогорку билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча Улуттук стратегияда каралаган маселелер тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Г.Кожобеков, аймактарды өнүктүрүүдө жогорку окуу жайлар системасынын ролу тууралуу ОшМУнун ректору К.Исаков баяндама жасады. Андан сырткары жогорку окуу жайларды аккредитациядан өткөрүү, жождордун рейтинги, жож жана эмгек рыногу боюнча да баяндамалар жасалды.

Иш-чаранын алкагында Жогорку окуу жайлар ассоциациясынын “Хан-тенгри” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө жана илимий, коомдук иштерге активдүү катышкан аспирант, магистрант, студенттерге сыйлыктар, медалдар, ардак грамоталар тапшырылды. Бул жолку “Хан-тенгри” сыйлыгы академик Советбек Токтомышев жана КММАнын профессору Ырысев Кеңешбекке ыйгарылды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер