БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН КӨРГӨЗМӨСҮ

  • 15.02.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын экинчи бөлүгү “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында” аймактардагы билим берүүгө арналды. Бул тууралуу министрликтин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Самара Умуралиева коллегиянын жыйынтыгы боюнча мына буларга токтолду.

— Келген меймандар министрлик уюштурган билим салонуна күбө болушуп, анын алкагында былтыр мектепте жана мектептен чейинки билим берүү системасы багытында аткарылган иш-чаралар менен кеңири тааныша алышты. Көрсөтмөлөр өтө мазмундуу, чакан болду, мында керектүү адабий китептер көп болгонун белгилегим келет. Атап айтсак, «Ярус» басмасы, «Бирге окуйбуз» долбоору, андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген балдарды финансы жагынан сабаттуулукка үйрөтүү программасы, «Коопсуз чөйрө, коопсуз мектеп» ж.б. долбоорлордун көргөзмөгө коюшкан маалыматтары эч кимди кайдигер калтырган жок.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН КӨРГӨЗМӨСҮ

Бүгүнкү жолугушуубуздун эң толкундаткан учуру, менимче, 2018-жылы көптөгөн эл аралык олимпиадаларда окуучуларыбыздын химия, математика, физика, информатика, орус тили, астрономия сабактары боюнча жетишкен ийгиликтери, Кыргызстандын байрагын бийик желбиретип,  даңазалап келишкени болду окшойт. Алар айрыкча, Вьетнам өлкөсүнүн Ханой шаарында өткөн физика предмети боюнча азиялык олимпиадада жана Португалиянын Лиссабон шаарында физика, астрономия предметтери боюнча өткөн эл аралык олимпиадада жана ошондой эле Самарканд шаарында өткөн астрономия предмети боюнча эл аралык олимиадада алдыңкы орундарга жетишкен,-деди С.Умуралиева.

Бул жыйында аймактарда өткөн «Жылдыз мыкты мугалими» кароо-сынагынын катышуучуларына жана олимпиада жеңүүчүлөрүн даярдаган мугалимдерине жана ошондой эле былтыркы жылдын жыйынтыгында окуучулардын тамактануусун сапаттуу уюштуруу боюнча мыкты деп табылган төрт мектепкесыйлыктарды жана Ысык-Көлгө жолдомолор тапшырылды.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН КӨРГӨЗМӨСҮ

Коллегияда аймактарда өткөн «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынактарында алдыңкы орундарды багындырышкан агартуучулар сыйланышты. Алардын бири — Талас облусу боюнча өткөн «Жылдын мыкты мугалими 2018» кароо-сынагында баш байгеге ээ болгон Зиягүл Сокушева сегиз жылдан бери Бакай-Ата районундагы Шаршенбай атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.

“Окуучулар эркиндикке такшалтчу эркин аянтчага ээ болууга тийиш”

— Ийгиликти багындырардан мурда мугалим өзү кесибин сүйүп, жан дүйнөсү менен берилип иштеши керек деп эсептейм. Мугалимдик кесип өтө татаал, биз башкалардан айырмаланып окуучулардын жан дүйнөсү менен иштешебиз. Мугалим балдарды билим эмес, эң оболу, тартипке үйрөтө билиши керек, анткени, тартип бар жерде ийгилик болот. Мен окуучуларыма тартынбай, өз ойлорун ачык айтып, өздөрүн эркин алып жүрүшүнө шарт түзгөнгө аракеттенем. Кароо-сынактар мугалимдерди эле эмес, окуучуларды ошондой эркиндикке такшалтуучу аянтча катары кызмат өтөйт экен. Менин окуучуларым сынактарда мени менен бирге барышып, менин ийгилиме зор салым кошушту. Андыктан менин ийгилигим – окуучуларымдын, бирге иштеген эмгек жамаатымдын ийгилиги деп билем.

“Мугалимге эң кыйыны – күн сайын мугалимдин деңгээлин сактап жүрүү”

Ош шаарындагы №31 Курманжан датка атындагы орто мектебинин математика мугалими Байыева Клара Мухтаровна да «Мыкты мугалим 2018» кароо-сынагында Гран-Прини жеңип алып, акчалай сыйлыкка ээ болгон.

— Атактуу жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматов «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деп айткандай, мугалимге да күн сайын мугалимдик деңгээлди кармап жүрүү көп аракеттерди талап кылат. Окуучуларыбыздын алдында эле эмес, коомчулуктун алдында да өзүбүздү бардык жагынан үлгүлүү алып жүрүшүбүз керек. Мына, бүгүн республикабыздын бардык шаар-аймактарынан баардыгы болуп 10 мугалим келдик. Бизге көрсөтүлгөн сыйга аябай толкунданып турабыз. Мындай сый-урмат бизди мындан да жогорку бийиктиктерди багындырууга түрткү берип, шыктандырат. «Ийгилик сыры эмнеде?» деген сурооңузга мен адегенде адам өзүнө бекем ишенүү керек деп айтаар элем. Себеби өзүнүн жеңишке жетерине бекем ишенген адам гана ийгиликтерге жетише алат. Мен мектебимдин намысын коргогонума сыймыктанам.

“Мен “Келгиле, окуйбуз” долбоорунан көптү үйрөндүм”

“Жылдын мыкты мугалими 2018” кароо-сынагынын Нарын облусу боюнча жеңүүчүсү, Нарын районундагы М.Иманалиев атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими Нуржан Усупова “Келгиле окуйбуз” долбоору ийгилик сырын ачууга көмөктөшкөнүн айтты.

— Биз буга чейин үч баскычтагы сынакты башыбыздан өткөрдүк. Адегенде өрөөндүк, анан райондук, андан кийин облустук кароо-сынакка катышып, натыйжада биринчи орунга жетишкениме аябай сыймыктанам. Нарын облусу боюнча өткөн кароо-сынактын жыйынтыгында облустук администрация жетекчилиги Анталияга жолдомо тартуулаган.

Мугалимдик кесип ары сыймыктуу, ары түйшүктүу эмеспи. Ар бир эле кесип ардактуу деңизчи, бирок алардын ичинен мугалимдик кесип өзгөчө деп эсептейм. Мугалимдин артыкчылыгы – бала тарбиялап, бала өстүрүп жаткандыгыбызда. Мугалим эң оболу өзү окутуп билим-тарбия берип жаткан окуучусун сүйө билиши, алардын жан дүйнөсүн түшүнө билиши абзел. Балдардын дүйнөсү ачыла элек китептей кызыктуу да, аруу да дүйнө келет эмеспи. Мага балдар менен иштешүүдө “Келгиле окуйбуз” долбоору аябай жакшы жардам берди. Бул “Бирге окуйбуз” долбоорунун уландысы. 10 модулдан турган “Келгиле окуйбуз” долбоорун бир жыл окуп, андагы көнүгүүлөрдү аткарып, көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Балдарды башталгыч класстардан тартып эле китеп окууга кызыктыруу керек деп ойлойм.

“Сыйлык жалкы – сыймык жалпы”

Толкун Малдыбаева Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Арал айылындагы 257 окуучусу бар Т.Тешебаев атындагы чакан мектепте 20 жылдан бери окуучуларга тарых сабагын окутуп келет. Эки жогорку билими бар педагог Жалал-Абад облустук “Жылдын мыкты мугалими 2018” кароо-сынагында баш байгени багындырып, ноутбук жана Ысык-Көлгө жолдомо менен сыйланган.

— Бизде “Мугалим мөмөлүү дарак” деп бекеринен айтылбаса керек. Мугалимдин эмгеги, түйшүгү эле эмес, бүтүндөй турмушу мектеп менен тыгыз байланышкан эмеспи. Балдарга татыктуу билим-тарбия берүүгө умтулушуп, алардын ийгиликтерине кошо кубанып, алар менен дээрлик бирге өмүр сүрүп келатышкан мугалимдер журтун бүгүн атайын чакырып, сый-урмат көрсөтүшкөндөрүнө аябай кубанып турабыз. “Сыйлык жалкы, сыймык жалпы” демекчи, эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлешип, Кыргызстандын туусун желбиретип келишкен окуучуларыбыздын ийгиликтери жана Ардак грамоталар, “КР Билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгисин алышып, сыймыкка бөлөнүп жатышкан кесиптештерибиз үчүн сыймыктанып турабыз. Ал үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз.

“Ысык тамак балдардын ден соолугуна жана акыл-эсине мыкты көмөкчү”

Билим көргөзмөсүнө келишкен долбоорлордун бири — “Кыргызстанда мектеп тамагын оптималдаштыруу” долбоору. Аталган долбоор 1-4-класстагы мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга багытталган. КР Өкмөтү окуучуларга күнүнө бөлгөн 7 сомдон 14 сомго чейинки акчага бир чыны чай, бир булочка менен чектелбей, ата-энелерден 2-3 сом кошуп, ар түрдүү пайдалуу ботколорду, биринчи, экинчи тамактарды уюштурууга болорун айткан Жыпара Эргешбаева аталган долбоорду эки жылдан бери иштейт.

— 2014-жылдан тартып республика боюнча мектеп алдында чарбаларды иштетүүгө көмөктөшүп келатабыз. Мисалы, тоок фермаларын, күнөсканаларды, бал чарбасын ж.б. уюштурууга жардам беребиз. Ушул продукциялар балдардын тамак-аштарына кошулса, байытылган витаминдүү тамак-аш менен камсыз болушат. Адистер ысык тамак балдардын ден соолугуна, физикалык, акыл-эс жактан да өөрчүшүнө мыкты жардам берерин белгилеп келишет. Аны иш жүзүндө көрүп, күбө болуп жатабыз. Биз Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз байланышта иштешебиз, себеби алар биздин эң негизги өнөктөшүбүз”-дейт.

Мектеп алдындагы чарбаларды уюштуруунун пайдасы

Учурда республикада мектептердин 65% мектеп алдындагы чарбаларды уюштуруп иш алып барышууда. Жалпысынан алганда бул аталган программага 500дөн ашуун мектеп кирген. 2013-жылдан бери иштеп келаткан бул программанын алкагында алдыда дагы беш жылдык иштер бар.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун В.И.Ленин атындагы мектеп “Кыргызстанда мектеп тамагын оптималдаштыруу” программасына кирген пилоттук мектептердин бири болуп саналат. Мектептин директору Курманбек Мамбеталиев аталган программанын алкагында мыкты жетишкендиктерге жетише алышканын айтты.

— 2014-жылы 1-4-класстын окуучуларына “Мектептерде ысык тамакты оптималдаштыруу” программасынын пилоттук мектеби болуп катталганбыз. Биз ошол программанын алкагында иштеп, мыкты жетишкендиктерге жетиштик. Ал ийгиликтерге албетте, аталган программанын, Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү айыл өкмөттүн жана ата-энелердин жардамдары менен жетиштик. Азыркы учурда мектепте балдар үчүн ыңгайлуу бардык шарттар түзүлгөн. Алсак, ашканабызда ысык-муздак суу бар. Балдар энергетикалык баалуулугу жогору тамак-аш менен азыктанышат. Биздин мектепте республика боюнча эң чоң – 240 метр квадрат аянттуу күнөсканабыз бар. Күнөсканада жылы бою помидор, бадыраң сыяктуу көптөгөн жашылчаларды өстүрөбүз. Өзгөчө балдарга витаминдүү салаттарды даярдап берүү үчүн укроп, петрушка, щавель сыяктуу көк чөптөрдү үзбөй өстүрөбүз. Андан тышкары, өзүбүздүн алма багыбыздан жылына 460 балага эсептелген өлчөмдөгү 1 тонна 200 кг как даярдап алып, андан компот кайнатып беребиз-дейт директор.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН КӨРГӨЗМӨСҮ

Жыйындын экинчи бөлүгүндө Билим берүү сапатын канткенде жакшыртабыз: PISAга даярдануунун стратегиялары – PISAга даярдык көрүнүн жол картасы тууралуу КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекованын орчундуу билдирүүсү жана ошондой эле  министрдин орун басары Кудайберди Кожобековдун эмгек рыногунун талатптарына ылайык кадрларды даярдоо жөнүндө билдирүүсү угуучулардын көңүлүн өзүнө бурду. Ошондой эле “Санарип Кыргызстан-2019-2023” боюнча министрликтин Маалыматтык технологиялар секторунун адиси М.Алишевдин санарип трасформациялоонун концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасына ылайык, КР Билим берүү жана илим министрлигинин санарип боюнча долбоорлору да катышуучуларды кайдигер калтырган жок.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер