“БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИПТЕШҮҮ”

  • 16.11.2022
  • 0

“БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИПТЕШҮҮ”

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагындагы мектеп мугалимдерине ушундай аталыштагы семинар өттү. Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштурган “Шаңкол деми” тобунун мүчөсү Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

“БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИПТЕШҮҮ”

Иш-чара билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, белгилүү педагогдор Гапыр Мадаминов, Абдыкерим Муратов, Дүйшөн Шаматов, акын Идирис Айитбаевдин онлайн, ошондой эле Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Зайнабидин Мамасадыковдун жеринде барып катышуусу жана куттуктоосу менен башталды.

Педагогика илимдеринин кандидаты, акын жана жазуучу Куштарбек Кимсанов мугалимдерге билим берүү жараянын санариптештирүүдөгү артыкчылыктуу багыттар боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Эки саатка созулган бул семинар кызуу-талкуу, суроо-жооп менен коштолду.

Мындан сырткары, Тынчтыкбек Досмуратов “Шаңкол деми” демилгечилер тобунун 2021-2022-окуу жылындагы аткарган иштери жана 2022-2023-окуу жылында аткара турган иштерин презентациялады.

“БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИПТЕШҮҮ”

Иш-чара “Шаңкол деми” демилгечилер тобунун мугалимдерге сый салтанаты менен жыйынтыкталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер