“БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ” СЕМИНАРЫ ЭАУДА

  • 25.04.2023
  • 0

25-26 апрелде Билим берүү жана илим министрлиги  Эл аралык университетте   Жалал-Абад облусунун директорлору, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилиги үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы семинардын секциялык отурумдарын өткөрүүдө.

“БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ” СЕМИНАРЫ ЭАУДА

Семинардын пленардык бөлүгү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттинде өткөрүлдү. Анын көлөмү 72 саатты түзөт. Семинардын алкагында “Натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары”, “Жалпы билим берүү мекемелеринин менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары”, “Эл аралык PISA  программасына жана “Билим” улуттук программасына даярдануу”, “Мектепке инвестицияларды тартуу үчүн долбоорду кантип даярдоо керек” деген темалар каралат.

Семинар мектеп директорлору үчүн абдан пайдалуу жана мазмундуу болуп эсептелинет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер