БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК: КМТУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЫТАЙДА КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТТЫ

  • 22.07.2026
  • 0

2026-жылдын июль айында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин делегациясы Кытай Эл Республикасынын Фуцзянь провинциясынын Цюаньчжоу шаарындагы Лимин кесиптик университетинде өткөн «Кытай тили + Кесиптик көндүмдөр» аттуу эл аралык квалификацияны жогорулатуу программасын ийгиликтүү аяктады.  БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК: КМТУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЫТАЙДА КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТТЫЭки жумалык интенсивдүү программа Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген катышуучуларды бириктирип, заманбап инженердик технологияларды өздөштүрүүгө, кытай тилин үйрөнүүгө жана Кытайдын тарыхы менен маданиятына жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түздү. Окуу программасынын алкагында КМТУнун өкүлдөрү Лимин кесиптик университетинин бир катар институттарында атайын практикалык курстардан өтүштү. Жаңы материалдар институтунда кездемеге санариптик басып чыгаруу технологияларын өздөштүрүшсө, Авиация институтунда учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруу боюнча практикалык билим алышты. Ал эми Электроника институтунда электромобилдерди диагностикалоо жана техникалык тейлөө боюнча заманбап ыкмалар менен таанышышты. БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК: КМТУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЫТАЙДА КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТТЫПрограмманын жүрүшүндө делегация университеттин өнөктөш ишканаларына да барып, Richun компаниясында кытай чай маданияты менен таанышып, Laojun Daily Chemical ишканасында жыпар жыттуу буюмдарды өндүрүү процесстерин көрүштү. Ошондой эле заманбап өндүрүштү уюштуруу, автоматташтыруу жана менеджмент жаатындагы тажрыйбаларды үйрөнүштү. Билим берүү программасы маданий-таанып билүү иш-чаралары менен коштолуп, делегация деңиз Жибек жолунун тарыхый борборлорунун бири болгон Цюаньчжоу шаарындагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген бир катар тарыхый жайларга, анын ичинде байыркы Луоян көпүрөсүнө, Шаолинь монастырына, Чуньсюй чебине жана шаардын эски кварталдарына барышты. БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК: КМТУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЫТАЙДА КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТТЫПрограмманын жабылыш аземинде КМТУнун өкүлдөрү бул программа инженердик жана тилдик билимди өркүндөтүү менен катар эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болгонун белгилешти. Алар Лимин кесиптик университетинин жетекчилигине, Деңиз Жибек жолу программасынын уюштуруучуларына жана Борбор Азиядагы өнөктөштөрүнө жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чара жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиришти.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер