БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ДОЛБООРДУК ДЕМИЛГЕЛЕР ЛАБОРАТОРИЯСЫ: АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫКТАР

  • 03.12.2020
  • 0

3-24-ноябрь аралыгында Билим берүүдөгү долбоордук демилгелер лабораториясына (БДДЛ) 21 сунуш келип түштү. Алардын сегизи конкреттүүлүк, ишке ашуучулук, актуалдуулук, авторун көрсөтүү жана конструктивдүүлүктүн минималдык талаптарына жооп берди.

БДДЛ ушул жылдын 3-ноябрында КР БИМдин алдында түзүлгөн. Билим берүү тармагын модернизациялоо боюнча арыздарды талкуулоо жана даярдоо үчүн платформаны куруу лабораториянын башкы максаттарынын бири болгон.

БДДЛ жөнүндө жобого ылайык эксперттик топ түзүлүп, байланыш каналдары жөнгө салынган. БДДЛ өз ишин баштагандан бери эксперттик комиссиянын катышуусу менен төрт отурум өткөрдү.

Жолугушуулардын алкагында төмөнкү демилгелер талкууланды:

  • Спорттук комплекс-трансформерлер (“Форвард билд”);
  • “Эл аралык коммерциялык эмес укук борбору” ЖЧКнын өкүлчүлүгү (КРдеги ата-энелер комитети тууралуу мыйзам долбоору);
  • “Единство” КФ (мектеп жетекчилери үчүн эффективдүүлүк көрсөткүчтөрүн киргизүү);
  • Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы (АРДИ) (КР БИМ, бейөкмөт уюмдар жана донорлор коомчулугун инклюзивдик билим берүүдө координациялоо);
  • БДДЛ (COVID19 шартында балдарды тарбиялоо боюнча ата-энелерге арналган швейцариялык тренингдерди өткөрүү)
  • Мындан сырткары дагы тогуз сунуш.

Белгилей кетсек, БДДЛдин акыркы отурумунда министрликтин жетекчилигинин катышуусунда он алты жаштагы мектеп окуучусу Темирлан Узбеков “Meldesh” мобилдик тиркемесин презентациялады.

Темирлан Узбеков – №69 окуу-тарбия мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу. “Бул тиркеменин үстүндө бир жыл иштедим. Тиркеменин негизги максаты – окуучулар жана студенттерге Кыргызстандын аймагында боло турган бүткүл илимий мелдештер, кароо-сынактар, интеллектуалдык турнирлер, коомдук иш чаралар, ыктыярчылык программалар, мамлекеттик жана жеке олимпиадалар тууралуу бардык маалыматтарды берүү”, — дейт Темирлан.

Ошондой эле тиркемеде Кыргызстандык окуучулар жана студенттер үчүн чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу дагы маалымат камтылган.

БДДЛ өзүнүн ишин ийгиликтүү аткарып жатат деп толук ишеним менен айтууга болот. Лаборатория эксперттик, академиялык жана бизнес коомчулуктардын активдүү, тажрыйбалуу өкүлдөрүн бириктирип, коомдук демилгелерди талкуулоодо. Ал эми билим берүү тармагына демилгелүү окуучулардын өз салымын кошкусу келгендиги өзгөчө белгилөөгө жана колдоого татыктуу.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер