БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ТЕМПИ ТЕЗДЕТИЛДИ

  • 04.06.2020
  • 0

«Билим берүү чөйрөсүндөгү санариптештирүү темпи тездетилди, сапаттуу секирик жасалды», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри  Каныбек Исаков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен болгон санарип диалогго комментарий берип жатып Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында республикалык жана облустук телеканалдар аркылуу трансляцияланган видеосабактардын жардамы менен балдарды аралыктан окутуу формасын киргизүүнүн алкагында жаңы антикризистик программа иштелип чыккандыгын баса белгиледи.

Педагогдор менен окуучулардын ортосундагы кайтарым байланышты камсыздоого мобилдик операторлор да көмөктөшкөндүгү белгиленди.

Каныбек Исаков министрлик алынган тажрыйбаны талдоого алып, жалпылаштырганын, уюштуруу мүнөзүндөгү оң жана терс жактарын аныктаганын баса белгиледи.

Ал билим берүү чөйрөсүндөгү санариптештирүүнүн деңгээлин жогорулатууга видеосабактарды даярдоону, мугалимдер тарабынан санарип педагогиканын көндүмдөрүнүн өздөштүрүлүшүн, предметтер боюнча малыматтык база менен порталдардын жана билимдерин текшерүү боюнча тесттик сайттардын иштелип чыгышын атады.

Пандемия мезгилинде билим берүү порталдарын 800 миңден ашуун окуучу колдонгондугун, билим берүүнүн мобилдик тиркемелерин колдонгондордун саны 500 миң адамдан ашканын билдирди.

Мындан сырткары, оор турмушта жашаган үй-бүлөлөрдүн билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында аларга телевизорлор менен мобилдик телефондор берилген.

Ошондой эле «Онлайн бала бакча», «Онлайн мектеп», «Онлайн университет», чет тилдерди, робототехниканы үйрөнүү боюнча жана окуучулардын башка билимдерин тереңдетүү үчүн онлайн курстардын долбоорлору иштелип чыккан.

Ошону менен бирге ал өлкөнүн айрым алыскы райондорунда республикалык телеканалдардын тартуусундагы көйгөй, интернеттин ылдамдыгынын жай болушу жана начар байланыш сыяктуу айрым кемчиликтер байкалгандыгын белгиледи.

«Мындай көйгөйлөрдү жоюу боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, ошондой эле жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштер жүргүзүлүп жатат», — деп билдирди министр.

Каныбек Исаков эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен окуу жайлары салттуу билим берүүнү жандандырууга даяр экенин кошумчалады.

Ошол эле маалда анын маалыматы боюнча, 2020-жылдын июль–август айларында кийинки окуу жылынын биринчи жана экинчи чейректерине бардык предметтер боюнча видеосабактарды тартуу боюнча график иштелип чыгып жатат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер