БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН, МЕКТЕПТЕРДИН ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ, ЭКСПЕРТТЕРИ ҮЧҮН ОНЛАЙН-КУРС

  • 27.01.2021
  • 0

Израиль Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин алдындагы «МАШАВ» Эл аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча Израиль агенттиги 2021-жылдын 25-февралынан 25-мартына чейин «Future thinking in education for schools» темасында англис тилинде онлайн-курс өткөрөт.

Курс билим берүү бөлүмдөрүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин жана мектептердин жетекчилери, эксперттери үчүн арналган. Курска катышуу үчүн тиешелүү тармакта тажрыйба жана англис тилин эркин билүү талап кылынат.

Англис тилинде толтурулган каттоо формасы (тиркемеде) Израиль Мамлекетинин Элчилигинин кароосуна 2021-жылдын 9-февралына чейин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.

Тиркеме:
Брошюра — Израиль. Курсы МАШАВ-3-7.pdf
Каттоо формасы — REGISTRATION FORM. Израиль.docx

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер