БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ИШИНЕ БАА БЕРИЛДИ

  • 26.02.2022
  • 0

25-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин кезектеги коллегиясынын отурумунда билим берүүнүн сапаты жана башка көрсөткүчтөрү боюнча алдыңкы сапта бараткан райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн рейтинги жарыяланды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекованын журналисттерге берген маалыматына таянсак, бул рейтингде райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү алдын-ала түзүлгөн 13 критерийдин негизинде бааланып, 20 аймактык бөлүмдүн иши мыкты деп табылды.

— Мыктыларды аныктоодо биз билим сапатынан баштап билим берүү ишин башкаруунун маалыматтык тутумуна чейин тегиз карап чыктык. Мында албетте, ата-энелер, мугалимдер менен кандай иштешти, көйгөйлөрдү кантип чечишти, ушуларга карадык. Мурда болуп көрбөгөн жаңылык болду. Бул ишти мындан ары дайыма колго алабыз, — деди Надира Сынташевна.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер