БИЛИМ БАШАТЫ – БАЛА БАКЧА

  • 06.03.2018
  • 0

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Калыс-Ордо жаңы конушундагы №86 мектебинде  уюштурган “Көчмө өнүгүү борборунун” бул жолку иш-чарасы коопсуздук темасына арналып,  ага экс-президент Роза Отунбаева катышты.

БИЛИМ БАШАТЫ – БАЛА БАКЧА

Калыс-Ордо жаңы конушунун жашоочулары жана бөбөктөр үчүн М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын актерлору “Шайыр светофор” аталышындагы спектакль көрсөтүштү. Атайын жаш бөбөктөргө жол коопсуздугу туурасында  даярдалган сценарий  суроо-жооптор менен коштолду. Ал эми билим берүүдө алгачкы кадамды бала бакчадан баштоо зарылчылыгын көтөрүп чыккан экс-президент:

  • Балдарга бала бакчадан тартып жакшы билим берүүбүз керек.  Ал эми мектепти аяктаганда пирамида сыяктуу эле окуучулардын эң мыктылары гана жогорку окуу жайга тапшыргандары туура болот. Ошондуктан  ата-энелер,  наристелерди театрга алып барыңыздар. Башка улуттарды карап көрсөк, алар балдарынын келечегине өзгөчө кам көрүшөт. Ар түрдүү ийримдерге: сууга сузүү, гимнастика ж.б.у.с. спорттун түрлөрүнө катыштырышат. Мына бул жерде түрдүү окуу китептерин карап көрсөңүздөр: “Үч жаштан кийин кеч”, ”Балдарга базарлык”, “Балерина” сыяктуу китептер бар, алар балдардын  дүйнө-таанымы үчүн маанилүү китептер.   Сиңдилерим ар тараптан изденип өссөңөр, балдарыңар силерди карап өсөт, — деди Роза Отунбаева.

“Көчмө билим берүү” долбоору шаарыбыздын  сегиз конушунда иштеп, келечекте экология, эстетика, спорт  темасында иш-чаралар уюштурулмакчы. Эске салып кетсек, ”Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду  буга  чейин “Жайлоо бала бакча”, “Бөбөк ыры”, “Билим фестивалы”  жана башка ушул сыяктуу бир топ долбоорлорду уюштуруп келатат.

Гүлнара Алыбаева, Кут Билим”

Дилбара Усенбаева, БГУнун 4-курсунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер