“БИЛИМ АРКЫЛУУ ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРСӨ БОЛОТ”
- 16.06.2023
- 0
13-июнда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана CCG International жана Anglia Examinations директору Стивен Банистер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен CCG International жана Anglia Examinations ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Ушул тарыхый окуянын алдында Альбион артынан келген конокко өзүбүз кызыккан суроолорду узаттык.
Стивен БАНИСТЕР,
Эл аралык Чичестер колледждер тобунун жана “Англия сынактарынын” директору, 2020-жылдан тартып Chichester College Group (Чичестер Колледж Групп) мекемесинин эл аралык байланыштар боюнча коммерциялык директору (Улуу Британия)
– Стив, бул сиздин Кыргызстанга биринчи жолу келишиңиз да?
– Так ошондой. Биринчи ирет келишим. Адеп көргөндө эле силердин ажайып кооз өлкөнү чын жүрөгүмдөн сүйүп калдым. Өзгөчө бийик тоолоруңар мени таң калтырды. Мен көп эле өлкөлөрдө болгом. Акыркы жолкусунда Түштүк Африка Республикасында иштеп, жашап келдим. Бирок мындай кооздукту, айрыкча адамдардын мамилелериндеги жылуулукту ушул жерден жакындан сездим. Баары эле “Чай ичели!”, “Тамак ичели!” деп турат экен. Биздеги адамдарды өзгөртүш үчүн силердин меймандос элге бир эмес, бир нече жолу алып келиш керек деп ойлойм.
– Сиз бизди өтө ашыра мактап жибердиңиз…
– Анткени мен билим берүү тармагында көптөн бери иштеп жүргөн адаммын. Бир жагы агартуучулар кайда жүрбөсүн, ким менен иш алып барбасын, өз ишинде жагымдуу нерселерге көбүрөөк таянышат эмеспи?!
– Туура айтасыз! Агартуучулар бардык жерде бирдей келишет. Ошентсе да биздин өлкөлөрдүн билим берүү тармагында орун алган айырмачылыктар тууралуу айта кетсеңиз…
– Бир топ айырмачылыктар менен катар эле бир катар паралелдүү окшоштуктар бар экенин байкадым. Окшоштуктар жагына келсек, алар албетте билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү өз ичине камтыйт. Бизди билим берүүдөгү кыйынчылыктар менен катар жаштарды кийинки муунга салым кошо ала турган көндүмдөрдү үйрөнүүгө кантип түрткү беребиз деген суроо көбүрөөк ойлондурат.
– Сиздин кеңсе кайда жайгашкан?
– Мен Чичестер колледждер тобунда иштейм. Ал Англиянын түштүк жээгинде жайгашкан. Эгерде сиз карта боюнча саякатка чыксаңыз, Лондондон ылдый жүрсөңүз, Брайтон шаарына барасыз, андан ары Чичестер шаарчасына жетесиз. Чичестерде биздин 10 колледжибиз жайгашкан. Булар колледждердин чоң тобун түзөт. Аларда 40 миң студенттерибиз жана 4 миң окутуучуларыбыз бар. Чичестер колледждери «Англия сынактарынын» да ээси болуп эсептелет. «Anglia Examinations» — бул дүйнө жүзү боюнча тил үйрөнүүчүлөрдүн англис тилин үйрөнүүдөгү угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу сыяктуу төрт тилдик көндүмдөрүн баалоочу глобалдык уюм. Бул биз расмий түрдө иштей алабыз дегенди билдирет, анткени Чичестердеги биздин башкы колледжибиз британиялык балдарды өтө жогорку деңгээлде окутуу үчүн салык акчасын колдонот жана бул «Anglia» менен биз өтө этият, өтө күчтүү башкаруучу болууга тийиш экенибизди билдирет, анткени биз элди окутуш үчүн элдин акчасын сарптап жатабыз.
– Анын дүйнө жүзү боюнча филиалдары барбы?
– Чичестер колледждериники андай эмес. Анткени биз Улуу Британияда жайгашканбыз. Бизге он колледж жетиштүү. Бирок «Англия сынактарыныкы» бар. Учурда ал болжол менен 46 өлкөдө иштейт. Кимдир бирөө бизди, «Anglia Examinations» тобун, Кыргызстанда, Вьетнамда, же Латын Америкасында жайылтууну каалайт деп айтышы мүмкүн. Бирок алар биздин кызматкерлер эмес. Алар франшиза моделинде иштешет.
– Кыргызстандан сырткары Борбор Азиянын кайсыл өлкөлөрү менен кызматташуу ниетиңиздер бар?
–Албетте, биз үчүн ЕвразЭС өлкөлөрү артыкчылыктуу орунда турат. Мисалы, Кыргызстанды алсак, жаңылыкка умтулган эл катары сиздерде жакшы потенциал бар. Сиздердин өлкө жаңы технологиялар жана илим жагынан башкалар менен атаандаша алат. Бүгүнкү күндө илим боюнча маалыматтын 85 пайызы англис тилинде экени белгилүү. Демек, англис тилин жетиштүү деңгээлде өздөштүрүү аркылуу сиздердин жаштар бул мүдөөлөргө жетишет деген
үмүттөмүн.
– Биздин жаштарга үмүт артканыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем.
– Жалгыз мен эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү жаштарга үмүт артат. Нельсон Мандела «Билим адамдын колундагы эң күчтүү курал» деп айткан. Чындыгында ошондой. Билим аркылуу дүйнөнү өзгөртсө, өлкөнү өнүктүрсө болот.
– Кыргызстанда англис тилин майнаптуу өздөштүрүп жаткан мектептер жок эмес. Алдыңкы мектептердин бирине бара алдыңызбы?
– Ооба, борбор шаардагы №13 атайын адистештирилген мектепте болдум. Дагы бир канча жергиликтүү англис тилчи мугалимдер менен пикир алыштым. Тилдик даярдыктары мыкты, өзгөрүүгө умтулуулары зор экени мени кубандырды.
– Стив, сиз базалык билимиңиз боюнча дагы мугалимсизби?
– Жок. Таптакыр башка кесиптин ээсимин. Менин ойлорумду да, кесибимди да «КОВИД—19» өзгөрттү. Билимди инвестициялоо аркылуу көп кишиге жардам берсе болорун түшүндүм.
– Ушул маектен соң, билим берүү министри менен жолугуп, Өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумга кол койгону турасыз. Бул документ бардыгыбыз үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?
– Бул биз үчүн абдан маанилүү документ. Ал биздин кызматташуунун алгачкы кадамдарын аныктайт. Меморандум атайын жана инклюзивдик билим берүү тармагында адистерди даярдоо боюнча кызматташууну бекемдөөгө жана өркүндөтүүгө багытталган. Документте англис тили мугалимдерин даярдоо, студенттик жана академиялык алмашуу программасы, китеп басып чыгаруу, мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү ресурстарын иштеп чыгуу, мектепке чейинки билим берүү жана кош квалификация ыйгаруу жаатындагы биргелешкен иш-чаралар каралган. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министр мырзага бизге карата ак пейил мамилеси, кызматташууга дилгирлиги үчүн ыраазычылык билдирем.
– Сизге да кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат айтамын!
– Рахмат!
Маектешкен А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер