БИЛИМ АРКЫЛУУ ДОСТУК ЖАНА ӨНҮГҮҮ

  • 17.04.2026
  • 0

2026-жылдын 14-апрелинде Лейлек районунда Кыргызстан менен Тажикстандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган тажрыйба алмашуу иш-чарасы өткөрүлдү.

БИЛИМ АРКЫЛУУ ДОСТУК ЖАНА ӨНҮГҮҮ

Иш-чара окуучулардын мектептеги тамактануусун уюштуруу маселесине арналды.
Иш-чара Лейлек районунун жана Тажикстандын Ж. Расулов районунун билим берүү мекемелеринин ортосунда уюштурулуп, «Мерсико» уюмунун колдоосу менен ишке ашты. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары У. И. Жеемуратов, Ж. Расулов районунун өкүлү Муталипзода Зумрат, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер жана «Мерсико» уюмунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Андарак айылындагы «Илим» мектебинде башталып, кийин Раззаков шаарындагы К. Казыев атындагы мектепте уланды. Ал жерде мугалимдер үчүн семинар өткөрүлүп, окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча практикалык тажрыйбалар көрсөтүлдү.
Катышуучулар мектеп тамактануусу балдардын ден соолугуна жана билим сапатына түздөн-түз таасир этерин белгилешти. Жыйынтыгында мындай иш-чаралар эки өлкөнүн достук мамилесин чыңдап, кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө болору айтылды.

Салкынай САЛМООРБЕКОВА, «Кут Билим», И.Арабаева атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер