“БИЛЕРМАН СТУДЕНТТЕР”

  • 28.11.2019

Ушундай аталыштагы интеллектуалдык оюн Ош технологиялык университетинде болуп өттү.

“БИЛЕРМАН СТУДЕНТТЕР”

Иш-чара окуу жайдын табигый техникалык  факультети  тарабынан  ОшТУнун тарыхын, басып өткөн жолун  студенттер менен биргеликте талкулоо, алардын мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү максатында уюштурулду. Оюн төрт турдан туруп, тогуз команда ат салышты. Жыйынтыгында 1-орунду «Сабыр» командасы, 2-орунду «Багыт» командасы, 3-орунду «Айкөл» командасы багындырып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана  акчалай   сыйлыктар  менен  сыйланышты.

Бөлүшүү