БИЙИКТИККЕ КАНАТ КАККАН ЫР ДҮЙНӨ

  • 19.04.2018
  • 0

19-апрелде  Кыргыз Эл акыны Тенти Адышеванын 98 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Ал КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун эмгек жамаатынын демилгеси менен уюштурулду.

БИЙИКТИККЕ КАНАТ КАККАН ЫР ДҮЙНӨ

Институттун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назира Дюшееванын айтымында, бул иш-чара кесибин өркүндөткөнү келишкен мугалимдерге арналып ай сайын уюштурулуучу чыгармачылык кечелердин алкагында өткөрүлдү.

  • Бүгүнкү жолугушуу кыргыз элинин легендарлуу, ай чырайлуу акын кыздарынын бири, кыргыз эл акыны Тенти Адышеванын жаркын элесине арналды. Жолугушууга кыргыз маданиятынын кош жылдыздары — Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышеванын уулу, белгилүү коомдук ишмер Кулубек Бөкөнбаевди жана келини, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурованы атайын чакырганбыз. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу курстардан тышкары, биз поэзия, тарых кечелерин байма-бай өткөрүп турабыз.

Катышуучулар – республикабыздын туш тарабынан келишкен башталгыч класстын мугалимдери, тилчилер, адабиятчылар жана биздин институттун кызматкерлери. Мындай жолугушуулар алардын билим көрөңгөсүн эле эмес, руханий, маданий байлыктарын да арттыраары шексиз,-дейт Н.Дюшеева.

Кыргыздын кыз-келиндеринин ичинен алгачкы болуп Эл акыны ардактуу наамына арзыган Тенти Адышева-Жунушбаева өзү ыр саптарында жазгандай, “жер дүйнө желин салган” жаз айында жарык дүйнөгө келип, жаз айында – 1984-жылдын 19-апрелинде жарык дүйнө менен кош айтышкан.

  • Апабыз көз жумганда, анын “Кылы үзүлгөн комузум” чыгармасы кол жазма боюнча калган. Кол жазмасын чогултуп, күнү-түнү машинкага терип, бир жыл ичинде жарыкка чыгарган уулу Кулубек Жоомартович уулдук парзын гана аткарбастан, кыргыз элине да көөнөргүс байлык тартуулады десек аша чапкандык болбойт деп ойлойм. Ал чыгарма ырасында эле XX кылымдын роман-мемуары” деген баага татыктуу,-дейт Ишенгүл Болжурова.

Т.Адышеванын жаркын элесине арналган поэзия кечесинде акындын эл-жерине арналган “Ысык-Көлүм”, “Шаркыратма”, “Алай” ж.б. ырларын көркөм окушту.

Айнагүл Кашыбаева,

Бөлүшүү

Комментарийлер