БГУДА Ч.АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ  

  • 14.11.2018
  • 0

14-ноябрда  К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин  алдындагы Үзгүлтүксүз дистанттык билим берүү институтунда дүйнөлүк жазуучу, публицист, коомдук ишмер  Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Кыргыз публицистикасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө  Ч. Айтматовдун тийгизген таасири» аттуу тегерек стол болуп өттү.  

Ага  Улуттук  илимдер академиясынын академиги  Аскар Какеев, акын Омор Султанов, Асан Жакшылыков, “Кыргыз Туусу” гезитинин мурдакы редакторлору Тилектеш Ишемкулов, Абдиламит Матисаков, Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев, белгилүү публицист Оганбек Карабалаев, Мундузбек Тентимишов, кинорежиссер Бакыт Карагулов, студенттер жана инстутуттун окутуучулары катышты.

Иш-чаранын алкагында студенттер жана меймандар  жазуучунун үй-музейине барып  сүрөт көргөзмөлөрү менен таанышышты. “Биз Айтматовду окуйбуз” акциясынын алкагында даярдалган видео-слайд көрсөтүлүп, студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окушту.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер