БФЭТ – ИЙГИЛИКТҮҮ КАРЬЕРАНЫН БАШАТЫ!
- 16.06.2023
- 0
Келечегиңерди БФЭТтен куруп баштагыла!
М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУ
БИШКЕКТЕГИ А.ТОКТОНАЛИЕВ атындагы ФИНАНСЫ-ЭКОНОМИКАЛЫК ТЕХНИКУМУ
2023-2024-окуу жылына 1-июлдан Абитуриент Онлайн системасы аркылуу https://2020.edu.gov.kg/spuz/ абитуриенттерди кабыл алат. Толук маалымат www.bfet.kg сайтында жайгаштырылган.
Контракттын негизинде 9-класстын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү адистиктерге кабыл алат:
“Экономика жана бухгалтердик эсеп”
“Каржы”
“Бюджет жана бюджеттик эсеп” жана “Ишканалардын каржысы”
“Банк иши”
“Камсыздандыруу иши”
“Менеджмент”
“Маркетинг”
“Салык жана салык салуу”
“Логистикадагы операциялык иштер”
Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай.
11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн контракттын негизинде
2—курска төмөнкү адистиктерге кабыл алат:
- “Экономика жана бухгалтердик эсеп”
- “Ишканалар каржысы”
Окуу мөөнөтү: 1 жыл 10 ай.
Арызга төмөнкү документтер кошо тиркелет:
- Паспорт же инсанды күбөлөндүргөн башка документ (көчүрмө жана түп нуска);
- Билими тууралуу документ ичмеги менен (көчүрмө жана түп нуска);
- 3х4 форматтагы 6 сүрөт;
- №086-У формадагы медициналык маалымкат;
- Аскерге катталуу күбөлүгү (аскерге чакырылуу курагындагы өспүрүмдөр үчүн);
- ЖРТ тастыктамасы (11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
Документтер 1-июлдан баштап 30-августка чейин кабыл алынат.
БИЗДИН БАЙЛАНЫШТАР:
Кыргыз Республикасы. Бишкек ш., Чүй пр. 269
0(312) 39-15-41.
www.bfet.kg
Комментарийлер