АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСТЕРИНИН КАРЖЫ МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛДИ. БИРИНЧИСИ ОШТО КУРУЛАТ

  • 19.04.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Орусия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушту.

Бейшеналиев иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты.

 

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСТЕРИНИН КАРЖЫ МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛДИ. БИРИНЧИСИ ОШТО КУРУЛАТ

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда курулуусу макулдашылган 10 билим берүү комплексинин үчөөсүнүн каржы маселеси чечилди. Биринчи комплекс Ош облусунда, экинчиси Чүй облусунда, ал эми үчүнчүсү Ысык-Көл облусунда курулат. Калган билим берүү комплекстери этап-этабы менен курулмакчы.

А. Бейшеналиев менен С. Кравцовдун буга чейинки жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлган Протоколдун алкагында төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлүүдө:

Билим берүү уюмдарын куруу долбоорлорун аныктоодогу техникалык документация менен байланыштуу бардык суроолорду талкуулоо;

Орусиянын табият таануу жана физика-математикалык багыттагы предметтери боюнча билим берүүдөгү санариптик ресурстарын пайдалануу жана адаптациялоо жана андан ары кыргыз тилине которуу жөнүндө Келишимдин долбоорун талкуулоо жана кол коюу;

Кыргызстандык окуучуларга жайкы лагерди уюштуруу.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер